© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда диндер аралык баарлашуу: жетишкендиктер жана келечектеги аракеттер.

Сабатсыздык жана маалыматтын жоктугу — диний негиздеги чыр-чатактардын негизги себеби, дешет  ар кандай уюмдардын жетекчилери. Диндер аралык баарлашуу кеңешинин алкагында алар кыйынчылыктар жөнүндө айтышып, бири-бири менен баарлашууну жакшыртышат.


English На русском

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын алдында түзүлгөн Диндер аралык Кеңеш  алгачкы бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарды. Ага өлкөдө каттоодон өткөн дээрлик бардык  диний уюмдардын өкүлдөрү киришкен жана алар өлкөнүн көпчүлүк аймактарында бир катар форумдарды өткөрүшкөн. 

Бүгүн 5-декабрда диний уюмдардын өкүлдөрү  Бишкекте   өз-ара пикир алмашуу жана келечектеги иш аракеттерин  тактоо максатында таңкы маалымат чайга топтолушту. Жыйынга каташкандардын дээрлик баары диндер аралык баарлашууга ушуга окшогон аянтча түзүү абдан маанилүү экендигин бир ооздон баса белгилешти.

Аталган долбоордун өнөктөштөрү катары Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR)  Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесин жана «АВЕП» коомдук уюмун атоого болот. Аталган кеңештин алкагында соңку бир жылдын ичинде өлкөдөгү баардык диний уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында  бири-бири менен баарлашууну жакшыртышып, бул иштерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу максатында бир катар форумдарды өткөрүшкөн.  

«Бизге окшогон мындай уюмдардын жетекчилери чогулуп, өз-ара баарлашып, бири-бирибизди угуп, түшүнүп жолугуп турушу – бул өтө маанилүү. Эгер биз жетекчи катары бири бирибизди түшүнүп, тил табышып турсак, анда биздин жамаатыбыздагы адамдар да бири-бири менен сүйлөшө алышат жана тынчтыкта, достукта жашашат», — деди «Кудай жамааты» Ассамблеясынын өкүлү Сергей Сиротин.

Пьер фон Аркс.Фото: CABAR.asia

Таңкы маалымат чайы бүткөндөн кийин иш-чара кеңири форматта «Кыргызстандагы диндер аралык баарлашуу» деген аталыштагы конференциянын алкагында өз ишин улантты. ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс өз сөзүндө  мындай биргелешип иштөө стереотиптерге жана өз-ара кастыкка каршы күрөшүү үчүн гана эмес, коомдо жагымдуу жагдайды түзүү үчүн керек экендигин белгиледи.

«Бир жыл ичинде биз ушул диндер аралык баарлашууну, ушундай кеңешти жана ага карата жагымдуу мамилени  түзө алдык. Баардык эле долбоорлор бир жыл ичинде ушундай деңгээлге жете бербестигин айтпай кое албайм.   Мындай көрүнүш өлкөдөгү бардык диний лидерлердин бири-бири менен баарлашууга барууга даяр экендигин көрсөтүп, мындай иш чарага мамлекетти гана эмес бүтүндөй кыргыз коомчулугун тартуу менен өз ара түшүнүүчүлүккө жана сый-урматка негизделген коом курууга жетишүүгө болот” — деген оюн ортого салды.

 Ошондой эле, бир жылдын жыйынтыгын чыгарып жатышып, айрым диний азчылыктардын өкүлдөрү көп учурда кошуналарынын, кесиптештеринин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү  тарабынан кандайдыр бир  түшүнбөстүк мамилелерге кабылышаарын мындайча ортого салышты:

Петр Шмидт. Фото: CABAR.asia

«Кээде жергиликтүү тургундар менен чыр-чатактар чыгат. Алар намаз үйлөрдүн ишине бут тосушуп, ибадат кылуучу жайлардын иштөөсүнө тоскоолдук кылышат. Ал эми  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү  көпчүлүк учурда өз жоопкерчиликтерин сезишип, чыр-чатакты чечүүгө аракет кылышат,  бирок алар тарабынан дайым эле колдоо боло бербейт», — деп  билдирди Христиандар-баптист Жыйындар союзунун төрагасынын орун басары Петр Шмидт.

Анын айтымында, дин аралык кеңеш  диний уюмдардын лидерлеринин өз-ара мамилелерин жөнгө салууга  жана алардын ортосунда орун алып жаткан кыйынчылыктар жөнүндө айтууга мүмкүндүк берет жана мындай диндер аралык кеңештин болушу өтө маанилүү. 

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Кыргызстандын Ысык-Көл областындагы Тамчы айылында жергиликтүү тургундар христиан динин кабыл алган 25 жаштагы жигитти ур-токмокко алышкан. Ички иштер бөлүмү бул окуяда эч кандай диний негиз жок дегени менен, ал баланын туугандары, чыр-чатак дал ошол диний негизде келип чыккандыгын зар какшап айтып келишет.

Ал эми 2016-жылдын октябрь айында Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургундары менен жергиликтүү молдолор айылдашы Каныгүл Сатыбалдиеванын туугандарына анын христиан дининин баптист өкүлү болгондугу үчүн көрүстөндөн жай бербей коюшкан.

Бул окуя жөнүндө кеңири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот:  Прозелит-кыргыздардын тагдыры: сабалгандар, үч ирет көмүлгөндөр

Алексей Сыромятников. Фото: CABAR.asia

«Биздин коомдо, кээ бир диний уюмдардын иш-аракеттери бизди коомдо аябай этияттык менен иш жүргүзүү зарылдыгынан кабар берет. Андыктан,  биз салмактуу жана этият болушубуз керек. Бул жагынан алганда, мындай жолугушууларда  биргелешип кандайдыр бир  чечимдерди иштеп чыгуу маанилүү жана баалуу болуп саналат «,  —  деген оюн ортого салды Бишкек жана Кыргызстан епрхиясынын катчысы  Алексей Сыромятников.

Мисалы, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Зайырбек Эргешовдун айтымында, диний уюмдардын  жергиликтүү өкүлчүлүктөрү жер жерлерде  бири-бири менен өз ара алака жасай башташты.

«Андан аркы сөзүндө ал «диний уюмдардын аймактардагы өкүлдөрү бир катар пикир келишпөөчүлүктөрдү алдын алып, өз ара чечүүгө жетише алышты. Мисалы Майлы-Сууда християн дининдеги аялды жерге берүүдө диний уюмдардын өкүлдөрү бул маселеге жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн аралаштырышпай эле өз ара чечип алышты», — деп кошумчалады Эргешов.

IMG_6008
IMG_5984
IMG_5970
IMG_5944
IMG_5937
IMG_5923
IMG_5919
GD3A7108
GD3A7104
GD3A7100
GD3A7092
GD3A7088
GD3A7085
GD3A7084
GD3A7082
GD3A7068
GD3A7058
GD3A7048
GD3A7043
GD3A7036

Аталган долбоорду ишке ашырууда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өлкөдөгү  ар кандай диний уюмдардын ортосунда ортомчулук ролду аткарууда. Эргешовдин пикиринде, «светтик өлкө», дегендин маңызы диндин мамлекеттен бөлүнгөндүгүндө эле эмес, өз мезгилинде мамлекеттин баардык оюнчулардын ортосунда калыс иш алып бара билүүсүндө, жатат. Мына ушул өңүттөн алганда, форумдун жүрүшүндө жыйынга катышкан ар бир диндин өкүлдөрү өз көйгөйлөрүн ачык айтып, аны башкалар менен  бөлүшө алышты.

Акимжан Эргешов и Зайырбек Эргешов. Фото: CABAR.asia

«Аймактарда бул демилгени колдошууда. Бардык мечиттерде биз биздин динибиз эмне дегендигин кайталап түшүндүрүп келебиз. Биздин динибиз дайыма ар бир адамдын ички ишенимине чектөө койбоону  айтат», — деген оюн ортого салды Кыргызстан мусулмандарынын  Дин башкармалыгынын өкүлү Акимжан Эргешов.

Ал эми Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Эрлан Бакиев, айрыкча соңку жылдары дүйнө жүзүндөгүдөй эле Борбордук Азия чөлкөмүндө да диний экстремизм жана радикализмдин өсүүсү жана ага жаштардын тартылуусу байкалгандыгына токтолуп, аны алдын алуу учурдун эң башкы талабы деген ою менен бөлүштү.

 Ошондой эле Эргешев “Соңку он айдын ичинде Кыргызстандын ИИМ өлкө боюнча түрдүү диндердин ортосунда ар кандай миңге жакын пикир келишпөөчүлүктөрдүн алдын алууга жетишкендигин айтып, мындай иш чараларды жалаң эле тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү аркылуу эмес, маселени чечүү үчүн коомчулуктун кеңири катмарын бул көйгөйдү чечүүгө тартуу зарыл”,  — деп кошучалады ал.

Конференциянын катышуучуларынын баары тең эле бир ооздон коомдо түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигин белгилешти. Ал эми аймактарда өткөн конференциялардын катышуучуларынын көпчүлүгү диний негизде чыккан карама- каршылыктардын башкы себеби катары калктын бул жаатта жетишээрлик маалыматынын  жоктугун белгилешти.

Мындан сырткары конференциянын жүрүшүндө калк арасында, анын ичинде диний лидерлердин арасында да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендиги айтылып, аларга маалымат аябай этияттык менен абдан калыс берилүүсү маанилүү экендиги белгиленди.

Малика Картанбаева. Фото: CABAR.asia

«Мындай көйгөйдү маалымат берүү аркылуу гана чечүүгө болот. Жогорудагыдай сүйлөшүү бул абдан жакшы башталыш. Бири-бирибизди жашкы билүүбүз үчүн тез-тез жолугуп турушубуз зарыл», —  дейт Кыргызстандагы бахаи  коомунун өкүлү Малика Картанбаева.

Конференциянын соңунда анын катышуучулары жогорудагыдай диндер аралык  кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу жобону бекитишти. Ага ылайык, диндер аралык кеңештин отурумун бир жылда төрт жолу өткөрүү белгиленип, кандайдыр бир чечимди көпчүлүк добуш менен кабыл алуу макулдашылды. 


Бул макала «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.