© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Прозелит-кыргыздардын тагдыры: сабалгандар, үч ирет көмүлгөндөр

Үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Кыргызстандын Ысык-Көл областындагы Тамчы айылында мас абалындагы үч жигит чоочун үйгө кирип, 25 жаштагы жигитти ур-токмокко алышкан. Сабалган жарандын үй-бүлөсүнүн версиясы ушундай. Жигит прозелит-кыргыздардын катарына кирип, христиан динин кабыл алган. Ур-токмоктун натыйжасында анын баш мээси катуу чайкалып, көзү майыптыкка учураган, жаагы сынып, тиштери күбүлүп, көп сандагы жаракаттарды алган. Жаш жигит азыркы учурда дагы аймактык ооруканада дарыланууда.


Туугандары чыр-чатак диний себептерден улам келип чыккандыгын айтып жатышат. Бирок, ИИБ бул жерде эч кандай дин маселеси эмес, жөн гана ээнбаштык себеп экендигине ынандырууда .    

ИИБда «Жабырлануучунун айтымына караганда, ал 1-октябрдан тартып Тамчы айылына келип, үй бүлөсү менен Бишкек шаарына кеткен таякесинин үйүн карап жашап жаткан. 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү болжол менен түнкү саат экилер чамасында мобилдик телефонунан колонка аркылуу музыка угуп жаткан. Ошол учурда Заманбек, Алеш жана дагы бир чоочун жигит мас абалында терезени чертип, сыртка чакырган. Алар музыканы катуу коюп жаткандыгын шылтоолоп, ур-токмокко алышкан. Окуядан кийин жабырлануучу үйгө кирип, жатып алган. Эртең менен апасына телефон чалып, окуяны айтып берген жана райондук милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бул факт Ысык-Көл районунун ички иштер органында катталган», — деп белгилешти.

Бирок, жабырлануучунун жактоочусу Жанара Аскар кызынын версиясы укук коргоо органынын версиясынан  айырмаланууда.

«Жергиликтүү жашоочулар күндүз жабырлануучунун христиан динин даңазалаган  ырларды ырдап жаткандыгын угуп, түндө кылмыштуу көмүскө бүтүмгө келишкен жана жеке менчик аймакка кирип келип, кордоп кетишкен. Ур-токмокко алган бейбаштар дининен кайтуусун талап кылган. Жабырлануучу Иса Пайгамбардан кайтпай тургандыгын айтканда, аны сабай баштаган. Бейбаштар кийинки күнү Тамчыдан кетүүсүн талап кылып, узап кетишкен.  Кетпесе, кайра келип өлтүрүп кете тургандыгын айтып, коркутушкан», — дейт Жанара Аскар кызы.

Диний ишениминен улам үйүн өрттөп кетүүгө багытталган коркутуулар

Ур-токмокко алынган жигиттин үй бүлөсү опузалар менен «бейбаштыкка» мурда дагы учураган. Алгачкылардан болуп, жигиттин таякеси Нурбек Эсеналы уулу мындан 20 жыл мурун динин өзгөрткөн. Анын айтымы боюнча, динин алмаштыргандыгына байланыштуу жакындары тарабынан бир нече жолу куугунтукка жана физикалык зомбулукка кабылган. Убакыттын өтүшү менен туугандары анын тандоосун түшүнүп, ал тургай кээ бири протестанттык багыттагы христиан динин кабыл алган. Сабалган жигит да алардын бири эле.

Бирок, айылдаштары анчалык толеранттуу жана сабырдуу болгон жок. Нурбек CABAR.asia аналитикалык сайтына Иса Пайгамбарга ишенген өзүнүн жана үй бүлөсүнүн басмырлоого дуушар болгондугун айтып берди.

«Бир нече жолу үйүмдүн терезелерин чагып кетишти. Кошуналар болсо эч нерсе  көрбөгөндүгүн жана укпагандыгын айтып жатты. Кийин мен айылда жыйналыш өтүп, жергиликтүү балдар диний ишенимимен улам үйүмдү өрттөп кете тургандыгын айтышкандыгын уктум. Айылдаштарыбыз жайкысын үйүмдү чиркөөгө айлантып, кудайга сыйынуу иш-чараларын өткөрүп жатам деп ойлошот. Чындыгында, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан айылдардын тургундары сыяктуу эле, үйдөгү бөлмөлөрдү келген эс алуучуларга ижарага берип акча табам. Бул жерде мен кардардын кайсы динди тутунгандыгына көңүл бурбайм. Бул жөн гана ишкердик», — дейт Нурбек.

«Биздин айылдарда прозелит-кыргыздарды тек гана динге эмес, ата-бабалардын мурасы менен мекенине дагы чыккынчылык жасагандар катары кабыл алышат». Индира Асланова
Анын айтымына караганда, диний ишениминен улам жыйырма жыл бою укук тебелөөгө байланышкан окуяларга кабылып келсе да, элдин баары эле анчалык кастык мамиле кылбайт. Мындай тандоого түшүнүү менен мамиле кылгандар да бар, бирок өтө эле аз.  

Дин таануучу Индира Асланова прозелит-кыргыздарга карата сабырсыздык мамилесине байланыштуу фактылардын көбүнчө өлкөнүн түндүгүндө кыргыздар башка диний топторго өтө баштаган 90-жылдарда эле байкалгандыгын белгилөөдө. 

Анын айтымы боюнча, динди тандоого карата сый-урматтын жоктугу көп учурда үй бүлөдөгү чыр-чатактардын келип чыгышына, ал эми жубайлардын бири башка динге өтүп, экинчиси өз дининде калган кээ бир учурларда алардын ажырашуусуна да себеп болот.  Мисалы, 2000-жылдардын башында күйөөсү мусулман бойдон калып, ал эми аялы христиан дининин бир агымына өткөндүгүнө байланыштуу  бир үй бүлө ажырашып кеткен.

«Ислам дининде башка диндин өкүлдөрүнө карата толеранттуу жана сабырдуу мамиле жасалышы керек экендиги айтылат. Анын үстүнө, христиандар менен иудейлер ахли-китабдар, башкача айтканда бутпарастар эмес, Ыйык жазуунун өкүлдөрү. Ал эми бизде болсо, празелит-кыргыздарды тек гана динге эмес, ата-бабалардын мурасы  менен мекенине дагы чыккынчылык кылгандар катары кабыл алышат.   Муну менен бирге, буга чейин динге ишенгенби же жокпу, жашоосу кандай болгондугун эсепке алышпайт. Мисалы, шарттуу түрдө мурун ал киши мусулман «сыяктуу» болуп, бирок спирт ичимдигин колдонуп, аялын сабап жүргөн болсо, бул ченемдүү көрүнүш, ал эми кийин христиан динине өтүп, андай нерселерди жасабай калса, баары бир жаман көрүнүш катары кабыл алынат », — дейт Асланова.
Бул жерде көмүүгө болбойт

Роза Дүйшеева. Сүрөт: CABAR.asia

Эксперт Роза Дуйшеева Кыргызстанда дин жаатындагы көйгөлөрдүн пайда болушу эң алгач дин чөйрөсүнүн жарандык коом менен бирге мамлекет тарабынан жеткиликтүү түрдө жөнгө салынбагандыгына байланыштуу деп эсептейт.  

Эксперттин айтуусу боюнча, Кыргыз Республикасынын Башмыйзамында абийир  жана дин тутуу эркиндигин кепилдеген берене бар. Бул жерде ар бир адам диний жана башка ишенимдерин эркин тандоого укуктуу. Эч бир жаран жеке ынанымын билдирүүгө жана андан баш тартууга зордолбоого тийиш.

Дуйшеева CABAR.asia. аналитикалык сайтына «Ошентсе да, бул берене кээ бир адамдардын диний ишеним эркиндиги кепилденген коомдо жашап жаткандыгын түшүнбөгөндүгүнөн улам үзгүлтүксүз, же болбосо  «дүйнөбийлүүлүк» түшүнүгүн жоюу максатында атайылап бузулуп жатат. Ал эми коомдо «дүйнөбийлүүлүк» түшүнүгү бир гана диндин мамлекеттен тышкары же болбосо тескерисинче мамлекеттин динден тышкары экендиги менен байланыштырылбастан, мамлекеттин коопсуздугу жана коомдун бүтүндүгүн да билдирүүсү зарыл», — деп билдирди.

Толук маалыматты бул жерден окуй аласыз: Кыргыз коомундагы диний жана дүйнөбий радикализм

Жарандык сектордун колдоосуна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия дагы муктаж. Комиссия азыркы учурда Кыргызстандын бардык аймактарында профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө. Мекеменин жетекчисинин орун басары Закир Чотаевдин айтуусунда, басмырлоого тыюу салуу, ар кайсы конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосундагы  толеранттуу мамиле ачкыч маселелер катары каралып, ошондой эле прозелит-кыргыздардын сөөгүн жерге берүү темасы дагы көтөрүлүп жатат.

«Кээ бир фактылар бар жана алар өздөрү үчүн жооп беришет. Жалпысынан коомдун ичинде эгерде биз дин аралашпаган өлкөдө жашап жатсак, анда мамлекет бардык диндерге, ошондой эле динге ишенген жана ишенбеген жамааттардын өкүлдөрүнө карата бирдей мамиле кыла тургандыгы боюнча түшүнүк бар.  Ошондуктан, бул жерде профилактикалык багыт менен массалык маалымат каражаттары аркылуу маалымат берүү иш-аракеттерине көбүрөөк басым жасалууга тийиш. Биз бул ишти жасоого колубуздан келген аракеттерди жумшоодобуз. Ошентсе да, аталган тематиканы социалдык тармактар менен ММК аркылуу үгүттөп, жайылтуу үчүн учурда жарандык коом менен диний уюмдардын колдоосуна муктажбыз», — дейт Чотаев.

Гульшайыр Абдирасулова. Facebook жеке баракчасынан алынган сүрөт

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын пикири боюнча,  диний терсаяктыктын көбөйүүсүнүн бир нече себеби бар, бирок негизгиси – диний ишеними гана эмес, башка бир өзгөчөлүгүнө карата терсаяктык көрсөтүү үчүн жазалоо практикасынын жоктугу. Тамчы айылында жаш жигитти ур-токмокко алуу фактысы боюнча милиция Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. 

«Кодекстерде тийиштүү беренелер жазылган, бирок практикада эгерде бул диний терсаяктыкка негизделген адам өлтүрүү фактысы болсо, анда жөн гана адам өлтүрүү кылмышы катары сыпатталат. Же ушундай эле негизде ур-токмокко алуу фактысы болсо, анда бул белгилүү бир даражада денеге зыян келтирүү катары аныкталат. Же болбосо, кайсы бир аткаминер аял кишини диний атрибутикасы, мисалы жоолугу үчүн басмырласа, эң катуу дегени жетекчиси тарабынан сөгүш жарыялоо формасындагы дисциплинардык жазалоо колдонулат. Мен Кыргызстанда сөөктү кайра казып алган адамдарды, же болбосо кимдир-бирөөнү динин алмаштырып, башка динге чокунууга мажбурлагандарды диний терсаяктык жана жек көрүүчүлүк үчүн жазага тарткан учурларды уккан эмесмин», — дейт укук коргоочу.

Сүрөт: Азаттык

2016-жылдын октябрь айында Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургундары менен жергиликтүү молдолор айылдашы Каныгүл Сатыбалдиеванын туугандарына анын христиан дининин баптист өкүлү болгондугу үчүн көрүстөндөн жай бербей коюшкан.

Айылдаштары менен болгон чыр-чатактан кийин туугандары сөөктү коңшу Өрүктү айылындагы көрүстөнгө көмүшкөн. Бирок, бул жердин тургундары да каршы чыгышкан. Экинчи жолу аялдын сөөгүн ошол эле жердеги православие дининдегилердин көрүстөнүнө көмүшкөн. Тилекке каршы, ал жерде да аялдын жаны жай алган эмес. Акырында мүрзөгө эмес, айылга кетчү жолдогу эки тоонун ортосунда жерге берүүгө аргасыз болушкан.

2017-жылдын январь айында райондук сот аялдын сөөгүн казууга катышкан беш жигитке карата чечим чыгарып, аларды бир жылдык шарттуу мөөнөт менен  үч жылга эркинен ажыраткан. Бирок, аялдын үй бүлөсү чатакты баштагандардын жазадан кутулуп кеткендигин, сөөктү казып алууга буйрук берген райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы жана молдолор да жазаланышы керектигин айтып, нааразычылык билдиришкен. 

Индира Асланова аталган окуянын элге жайылган окуялардын бири гана экендигин, көп учурларда мындай резонанс болбой тургандыгын айтып берди.

«Мезгил-мезгили менен болгон чыр-чатактарга карабастан, мамлекет бул маселени жөнгө салууга шашылбай жатат». Гүлшайыр Абдирасулова
«Кыргызстанда көбүнчө көрүстөндөр уруулук белгилери боюнча жайгашкан. Туугандары христиан динин тутунган адамдын сөөгүн шарттуу «мусулмандар» көрүстөнүнө жашырууга аракеттенгенде, жергиликтүү эл буга каршы чыгат. 2006-жылы Кыргызстанда баптисттердин үй бүлөсүндө өспүрүм бала көз жумуп, коомдогу мындай мамиледен улам анын сөөгү көпкө чейин жерге берилбей турган. Акырында жашаган үйдүн короосуна көмүүгө аргасыз болушкан», — дейт дин таануучу.

Гүлшайыр Абдирасулованын пикири боюнча, көйгөй сөөктү көмүү процессинде эмес, ага көрүстөндөн башка диндин өкүлдөрү үчүн жер бөлүп берүүдө болуп жатат:

Эмнегедир элдер көрүстөндүк жер тилкелери бир гана мусулмандар үчүн бөлүнүп берилген деп ойлошот. Мамлекеттин ар бир конфессиянын өкүлдөрү үчүн өзүнчө жер тилкелерин бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Бир жер тилкеси берилет, ал эми аны конфессиялар боюнча бөлүштүрүү – жергиликтүү бийлик органдарынын милдети. Тилекке каршы, мезгил-мезгили менен болгон чыр-чатактарга карабастан, мамлекет бул маселени жөнгө салууга шашылбай жатат. Конфессиялар боюнча көрүстөндүк жерлерди бөлүштүрүү жөнүндө жобо эчак эле иштелип чыкса дагы, азыркы күнгө чейин ал өкмөттүк деңгээлде кабыл алына элек.
Кыргызстанда жарандарды жерге берүү жөнүндө мыйзам жок. Ошондуктан, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ар кандай эксперттер менен юристтерден турган жумушчу топ убактылуу нускаманы иштеп чыккан. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары Закир Чотаевдин айтуусу боюнча, документ бардык конфессиялардын өкүлдөрүнө карата жалпы эрежелерди камтып, учурда өкмөт тарабынан каралып жатат.

«Бул – өлгөн жарандардын сөөгүн жерге берүү үчүн жерлерди бөлүп берүү иш аракетинде мамлекеттик бийлик органдары колдоно турган нускама. Биз муниципалдык көрүстөндө сектордук бөлүштүрүү аткарылышы менен бирге, зарыл болгон учурда аз сандуу диндердин өкүлдөрүн көмүү үчүн жерлер берилиши керек экендигин карап чыктык. Бир эле көрүстөнгө көмүүдө тоскоолдуктар жок, бирок ал жерде сектордук бөлүштүрүү да орун алууга тийиш. Мисалы, мусулмандар менен христиандар көмүлгөн секторлор кандайдыр бир жол, бак-дарактар же арык аркылуу ажыратылып, өзүнчө кире турган жери болуусу абзел», — дейт  Чотаев.

Гроздь айылындагы шаардык көрүстөн. Сүрөт: 5-канал

Гроздь айылындагы шаардык көрүстөн – көрүстөндү туура жайгаштыруунун жана көйгөйлөрдүн келип чыгуусуна жол бербөөнүн жакшы мисалы. Ал бир жыл мурун Чүй областынын Аламүдүн районунда ачылып, учурда 44 га аянтты ээлейт. Көрүстөн христиандар, мусулмандар жана башка конфессиялардын өкүлдөрү үчүн бөлүнгөн төрт сектордон турат. 

Бул жерде болжол менен 4 миң орун бар. Атайын унаа токтотуучу жерлер белгиленип, жарык өткөрүлгөн, көрүстөндүн ичиндеги жолдорго асфальт төшөлүп, сырттан кирүү жерлери белгиленген. Муниципалдык башкармалык аталган иштерге жалпы жонунан 50 миллион сом сарптаган.

Бишкек шаарында бир жылда орточо эсеп менен 1 400 кишинин сөөгү жерге берилет. Ошентип, жаңы көрүстөн 3-4 жылга гана жетет. Бирок, аткаминерлер бул биринчи эле этап экендигин, кийинчерээк жаңы жерлер алынып, 10-15 жылга жеткидей кеңейтиле тургандыгын белгилешүүдө.

Динге ишенүү эркиндиги

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова диний терсаяктыктын себептеринин бири катары, мамлекеттин чоң мансаптагы өкүлдөрүнүн өлкөнүн элинин 90%нын мусулман экендигин айтып чыгууларын эсептейт.  Көбүнчө бул кыргызстандыктардын диний идентификациясынын, негизинен алардын этникалык келип чыгышына байланыштуу. Мисалы, кыргыз, өзбек, тажиктер автоматтык түрдө мусулман деп эсептелет.

АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясынын (USCIRF) берген маалыматы боюнча, өлкөдө калктын 80 пайызынан ашыгын (5,7 млн. киши)  суннит мусулмандар; 15 пайызын христиандар, негизинен орус православдары; ал эми калган 5 пайызын шиит мусулмандар, протестанттар, католиктер, еврейлер, буддисттер, бахаисттер жана өзүн эч кайсы динге таандык деп эсептебегендер түзөт.

Абдирасулованын айтымында, белгилүү бир диндин өкүлү болгон биринчи же башка кызмат адамдарынын көрсөтмөлүү тандоосу, мисалы үчүн өлкө башчысынын ажыга баруусу же шайлоо алдындагы иш-чараларга диний лидерлерди тартуусу дагы мындай көйгөйлөрдүн келип чыгуусуна маанилүү өлчөмдө салым кошот.

Толук маалыматты бул жерден окуңузКыргыз саясатындагы ислам дининин ролу

Мындан тышкары, анын пикири боюнча, абалга диний лидерлердин шариат боюнча жашоого чакыруулары, чыр-чатактар жана динди үгүттөө иш-аракеттери да таасир тийгизбей койбойт. Ал эми  жарандардын динге ишенбеген бөлүгү сакал өстүрүү, диний атрибутикалар менен диний кишилердин тышкы көрүнүшүн сындап, тандоо эркиндиги тууралуу  айтып баштоодо.

«Эми динге ишенгендер, мусулман кыргыздар жана мусулман эмес кыргыздардын ортосунда тирешүү келип чыкты. Мисалы, үйгө келип, үйдүн эркектерин чакырып берүүсүн өтүнгөн, ал тургай агрессивдүү мүнөздө талап кылган даабатчылар короосу курчалбаган жаңы конуштардагы үйлөрдүн ичине чейин кирип келген учурлар көп. Биз көп учурда маданият жана шоу-бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн сырткы көрүнүшү менен имиджине асылган учурларды да кездештирип келебиз», — дейт Абдирасулова.

АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) өзүнүн жыл сайын берген отчётунда Кыргызстандагы диний жамааттардын көпчүлүгүнүн басмырлоо көйгөйлөрү, кастык жана көңүл кош мамилелерге учуроосу уланып жаткандыгын белгилеп өткөн. Ушул себептен улам, USCIRF Кыргызстанда  мыйзамды өзгөртүп, ЕККУ менен БУУ кошулуп, тийиштүү эл аралык форумдарда диний эркиндиктин бузулуусу боюнча маселелерди көтөрүп чыгууну сунуштаган.

Бермет Уланова – CABAR.asia аналитикалык журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү


Бул макала “Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу” долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: