© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Тигүүчүлөр жараткан ийгиликтер

Кыргызстанда тигүү өнөр жайы миңдеген аялзатынын эмгеги менен өнүгүп келет. Бул тармакта иштеп жүрүп,  үй-бүлөсүн гана  багып тим болбостон, балдарынын жаркын келечегине салымын кошуп келгендердин да саны арбын.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


Наргиза Сулайманова. Сүрөт ээси: Асель Сооронбаева/CABAR.asia

Наргиза Сулайманова – 10 жылдык тажрыйбасы бар тигүүчү.  Ал кызын жалгыз өзү тарбиялайт. Ошого карабай, айлык маянасын батирге, кызынын билимине жана музыкалык шыгын өстүрүүгө жумшаганга дарамети жетет.

Наргиза күнүнө 12 саат иштейт жана жумасына бир гана күн эс алат. Тигүучүлүлүк кесиптин аркасы менен татыктуу жашоо жана балдардын келечегине зор салым кошуу мүмкүн экендигин Наргизанын талыкпаган эмгеги тастыктайт. 

Үстүбүздөгү жылдын март айында Наргизанын кызы Түркияда өткөн музыкалык балдар фестивалына катышууга жолдомо алган.  Ал музыкалык окуу жай тарабынан тандалып алынган 12 баланын катарына кирген. Кызынын алдыда дагы башка бийиктиктерди багындырарына ишенген Наргиза мындан ары да тигүүчүлүк кесипти аркалап, кызын бутуна тургузууга даяр экендигин белгилейт. Ал 8 жылдан бери иш ордун алмаштырбастан, бир эле цехте эмгектенип келет. Наргиза өз жетекчисине абдан ыраазы.

Өлкөдө Наргиза Сулайманова сыяктуу тигүүчүлүк кесипте өз ордун таап, татыктуу маяна алгандардын саны арбын. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, тигүү тармагында 200 миңдей адам эмгек өтөйт. Алардын көбү аялдар.

Тигүучүлүрдүн айлыгынын орточо өлчөмү – 25-35 миң сомду түзөт. Салыштырмалуу аз, бирок өлкө боюнча орточо айлыктан жана бюджеттик кызматкерлердин маянасынан дээрлик эки эсеге көп.  Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө быйылкы жылдын маянасынын орточо өлчөмү 15 миң 760 сомду түзөт.

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңдей адам эмгектенет. Сүрөт ээси Асель Сооронбаева/CABAR.asia

Көпчүлүк учурда тигүүчүлөрдүн маянасы үй-бүлөнүн жүгүн көтөргөн аялзаты үчүн жалгыз киреше булагы болуп келет. Аялдар эртели кеч эмгектенип, тапкан-тергенин туугандарына, балдарынын окуусуна жумшайт.

Алардын ичинен тигүүчүлүк кесипти мыкты өздөштүрүп, ушул тармакта ишкерлик кылып, башкаларга да иш орундарын ачып бергендери бар. Алар атамекендик брендди эл аралык аренага жайылтып, Түркия, Орусия, Казакстан жана Кытай мамлекеттери менен эркин атаандаша алган продукцияны экспортко алып чыгат.

Бир кезде университетте мугалим болуп эмгектенген Гүлжан Ташкенова аз айлыктын жана кагаздар менен иштөө түйшүгүнүн кесепетинен улам тигүү тармагына өткөн.

Учурда анын жеке бизнеси бар. Гүлжан улуттук кийимдерди тигет. Анын кол алдында 10 чакты адам эмгектенет. Кыргыздын улуттук оймо-чиймелери түшүрүлгөн заманбап көйнөктөр көбүн эсе Кыргызстанда сатылат, бирок чет өлкөдө да Гүлжандын кардарлары бар. Жергиликтүү жана туруктуу кардарлардын катарын артисттер, бий топтору жана той ээлери толуктайт.

«Чет өлкөгө чыкканыбызда, кийимдерибизди көрүп эле кол чапкандар бар. Алар биздин көйнөктөргө суктанып,  биз менен сүрөткө түшкүсү келип турат. Брендибизди колдоп, биз чыгарган көйнөктөн башкасын кийбегендер да бар. Колуман келген иштердин мыктысы – элдин көңүлүнө жаккан кийим тигүү. Мен элиме кызмат кылганыма абдан суктанам», – дейт Гүлжан Ташкенова.

Ал эртели-кеч көйнөктөрдү жакшыртуунун үстүндө ой жүгүртөт жана ушак менен жаман ойго убакыт короткусу келбейт. Келечекте Гүлжан дагы көптөгөн идеяларын ишке ашырып, өзү тиккен кийимдер аркылуу миңдеген адамга жакшы маанай тартуулоону кыялданат.

Гүлжан Ташкенованын тиккен кийимдери. Сүрөттөр респондентке таандык.

Доктурлук кесиптен ири цехке

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү тигүү тармагы жөн гана кол өнөрчүлүк эмес, башка өлкөлөр менен атаандашкан бүтүндөй индустрияга айланды. Эгемендүүлүк жылдарынын башында кийим тигүү Кытайдан келген товарды «көчүрүүнү» элестетсе, бүгүн айрым тигүү цехтери эл аралык стандартка жооп бере алган сапаттуу, жаңы деңгээлге жеткени анык. Алар өндүргөн продукция өлкөдө да, чет жактарда да белгилүү болуп, эл аралык рынокто өз ордун тапканга жетишкен.

Ири цех ээлери өлкөнүн өнүгүшүнө зор салымын кошуп жатканы талашсыз. Алар жуздөгөн адамды иш орду менен камсыз кылып, товарын экспортко алып чыгат жана өз кардарларына кеңири тандоо сунуштайт.

Бермет жана Чолпон Аскаровалар 15 жылдан бери тигүү тармагында эмгектенет. Эже-сиңдилер иштин көзүн таап, учурда чоң бизнес менен алектенет. Тигүү тармагы жана кадр саясаты үчүн Бермет жооптуу, себеби анын менеджерлик сапаттары бар, ал эми сатуу жагын Чолпон башкарат. Ал кардарлар менен мыкты иш алып бара алат.

Бермет Аскарова — мурдагы айылдык врач, бүгүн ири цехтин жетекчиси. Сүрөт ээси: Асель Сооронбаева/CABAR.asia

“Башкалар сыяктуу эле 90-жылдары иш баштаганбыз. Ал кезде өлкөдө туруктуулук да, жумуш да жок болчу. Биздин аялдарыбыз жаңыдан тигип баштаган эле. «Дордойдо»  катар- катар туруп соода кылчу элек, жада калса контейнерлер түшө элек болчу», -дейт Бермет.

Эже-сиңдилер 3 тигүүчү машина менен ишин баштаган. Бүгүнкү күнү алар 100 дөн ашуун адамды иш менен камсыз кылат. Көп жылдан бери эмгектенгендиктен, чет элдик кардарлардын да ишеничине кирген. Алардын айрымдары жаңы тигилген көйнөктүн сүрөтүн көрүп эле чоң буйрутма беришет, өлкөгө келип да убара болушпайт, себеби Чолпон менен Берметке ишеним көрсөтөт.  

«Мындан 5 жыл мурун аялдар үчүн негизги 4-5 эле көйнөк тигилчү. Ал эми бүгүнкү күндө алардын жасалгасы, фасону ар түрдүү жана суктанарлык болуп калды.  Аялдар өзүн карап, косметологго бара баштады. Мурун 50 жаштагылар байбичедей кийинсе, учурда алар өз курагынан кыйла жаш көрүнө баштады, кийимдерге да болгон талап өзгөрдү», – деп белгилейт Бермет.

Анын айтымында, тигүү жаатында нанын тапкандар кардарлардын табитине кылдат мамиле кылуусу керек:  «кездемени туура тандап, бирок өңүн билбей калсаң, ири каражат жумшалып калган соң, чоң чыгым тартасың», дейт ал. Бермет өз ишинде интернетке көп кайрылат. Эже-сиңдилер дайым чет өлкөгө чыгып турат жана акыркы тренддерден кабардар.

Бермет Аскарова кайсы бир кезде Нарын облусуна караштуу Миң Кушта, кийин Чаекте доктур болуп эмгектенгени тууралуу бүгүн көп эстей бербейт. Ал кесибин убагында таштабаганда, бүгүн  аймакта аз маяна алып иштеп жүрмөк. Бирок Бермет учурда ири цехти жетектеп, жүздөгөн адамды иш орду менен камсыз кылып, жергиликтүү жана чет элдик аялзатын кийинтип, өлкө экономикасына өз салымын кошуп келет.

Тапшырык берүүчүсүз иш жүрбөйт

Тигүү цехтери натыйжалуу жана туруктуу иштеп турушу үчүн тапшырык (заказ) берүүчүлөрдүн болушу шарт. Алардын ичинен 90-жылдардын акырында «Дордой» базарында иштеп баштаган  Кальмира Итикенова да бар. Убагында «Ак Булак» мамлекеттик ишканасында эмгектенген мурдагы экономист базарда Кытайдан келген кийимдерди сатчу. Кальмира Кытай өндүргөн товарды биздин атамекендик тигүүчүлөр да ишке ашыра аларына көзү жетип, өлкөдөгү трикотаж тиккен «Илбирс» ачык акционердик коомуна кайрылып, буйрук берет. Ал кезде Кальмиранын жергиликтүү жана чет элдик туруктуу кардарлары көп болгондуктан, тапшырыктын да көлөмү чоң эле. «Илбирс» заказды тигип жетишпегендиктен, Кальмира башка цехтерге да кайрыла байштайт.

Кальмира Итикенова. Сүрөт респонденттин жеке архивинен

«Кардарлар бири-бирине айтып отуруп менин товарымды жарнама кылышкан. Бир кезде Орусиядан  алардын саны 100 гө жеткен эле. Биз жетишпей жалаң дүң сатууга өткөнбүз. Мен жаңы иштеп баштаган учурда 5-6 тигүүчүнү иштеткен цехтерде учурда 50-60 кызматкер бар. Цехтердин, кызматкерлердин көбөйүшүнө  мендей тапшырык берүүчүлөрдүн салымы чоң деп ойлойм», – дейт Итикенова.

Кальмиранын айтымында жумуштагы оорчулуктарынын бири – чек арада жаралган көйгөйлөр. Кыргызстан ЕАЭБдин курамына кирген соң, ал маселе чечилди.

«Товарыбыз жүктөлгөн бойдон чек арада туруп калар эле. Биз мыйзам түрүндө да, андан тышкары да каражат берип, эптеп жүктү өткөрчүбүз, азыр андай кыйынчылыктар жокко эсе», – дейт Кальмира. Бүгүнкү күндө ал өзү жеке цех ачып алган, бирок башка цехтер менен кызматташууну токтоткон жок.

Анын айтымында учурда Россияга барып иштеген тигүүчүлөрдүн саны көбөйгөн. Себеби, башка өлкөдө той-топур, тууган-уруктан алыс болуп, айлык маянасын үнөпдөп, чогултканга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми өз мекенинде айлыкты жумасына бир жолу алып, тез коротуп салышат. Маяна өлчөмү эки өлкөдө бирдей.

Атамекендик тигүү тармагында кадр маселеси туруктуу эмес  жана курч көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. 

«Өз продукциябызды тышка алып чыгуу оңой – олтоң иштерден эмес. Биз эл аралык стандарттарга жооп берүүбүз зарыл. Кымбат баалуу жабдуулар талап кылынат. Биз аларды сатып алабыз жана бардык талаптарга жооп берүүгө, сапаттуу иштөөгө умтулабыз», -дейт Итикенова. 

Кальмира үчүн өлкөдөн чыккан товардын сапаттуулугу жана имиджин тиешелүү деңгээлде кармоо маанилүү.  Ал келечекте өндүрүмдү автоматташтырууну тилек кылат. Ишкер көп каражат топтоп, керектүү жабдыктарды сатып алууну көздөйт. Эгер Кальмиранын тилеги ишке ашса, автоматташтырылган өндүрүшкө тигүүчүлөрдүн ордуна технологдорду жана компьютер инженерлерин жалдоо  жетиштүү болот.  

Көрсөткүчтөр өсүүдө

Тигүү тармагы социалдык гана маселелерди чечпестен, өлкө экономикасына да салымын кошот. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, тигүү тармагында эмгектенгендер, жеңил өнөр жай өндүрүшүндө иштеген кызматкерлердин 30%ый түзөт, ал эми тигилген товарлар  жалпы өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүн 3% ын түзөт. Кийим-кече жана текстилдик өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү ички дүң продукциянын 1%ын түзөт.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 10 кызматкерден тартып 50-60 кызматкери бар 8 миң орто жана кичи цехтер иштейт.

Өндүрүлгөн товардын 95%ы  ЕАЭБдин рыногуна чыгарылат. 2017- жылдын жыйынтыгында жалпы өндүрүлгөн товардын баасы 6 млрд сомду түзгөн. Ал 2016-жылдын көрсөткүчүнө караганда 11%га жогору.  2017-жылдын жыйынтыгы менен эспортко чыгарылган товардын жалпы баасы 138,34 млн долларды түзүп, 2016-жылдын көрсөткүчүнө караганда 44%га жогору. Тигүү тармагынын өзөгүн патент менен иштеген жеке ишкерлер түзөт.

Бул сектордун маанисине баа берген Өкмөт ишкерлер үчүн салыктарды жеңилдетип берген. 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгында тигүү тармагында оң натыйжалар байкалган. Экспорттун көлөмү 118 млн долларды, ал эми өндүрүлгөн товардын жалпы суммасы 5 млрд сомду түзгөн. Ал 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгындагы көрсөткүчүнөн  17%га көп болгон.  

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жеңил өнөр жай бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулованын айтымында, тигүү тармагы өлкө экономикасынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат. Себеби, ал жарандарга, айрыкча аялзатына, жаштарга иш орундарын  түзүп берет.

Тигүү тармагындагы инновациялар

Өлкөдө жакынкы 2-3 жыл аралыгында тигүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Чүй облусуна эки жана Ош облусуна бир өнөр жай паркын ачуу демилгеси көтөрүлдү.

Текстил жана тигүү өнөр жайы үчүн технополис. Сүрөт «Легпром» ассоциациясынын веб-сайтынан алынды

Атамекендик жеңил өнөр жайды жана экспортко багытталган ишканаларды өнүктүрүү үчүн «Легпром» ассоциациясы “Технополис” долбоорун ишке ашырууну пландаштырып жатат. Бул долбоор “Кыргызстанда жасалган”  бренди менен продукцияны  өндүрүп, тышкы жана ички рыноктордун муктаждыктарына жооп берет деп күтүлүүдө. “Технополиске” пландаштырылган жумушчу орундарынын саны – 10 миңге, ал эми ишканалардын саны – 40 ка жетет.

Долбоордо ашкана, адистерди окутуу борбору, жабдууларды ремонттоочу бөлмө, медициналык борбор, кездемелерди сатуу дүкөнү жана логистикалык борбору каралган. Жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар тигүү тармагынын мындан ары өнүгүшүнө жакшы өбөлгө түзөт, жыйынтыгында, көптөгөн үй-бүлөлөрдүн кирешеси жана өсүп келе  жаткан муундун калыптанышы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

Асел СооронбаеваCABAR.asia аналитикалык журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: