© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Пенсиянын топтомо компоненти кандайча иштейт? (3-бөлүк)

Пенсиянын топтомо бөлүгү 8 жыл мурда пайда болгон, ал иштеген адамдын бардык маянасынын 2 пайызынан түзүлөт.


На русском

Биз мындан мурда пенсия үч бөлүктөн: базалык, биринчи жана экинчи камсыздоочу бөлүктөрдөн турарын айтканбыз. Соцфонддун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө төлөмдөрдүн орточо көлөмү 5682 сомду түзөт. Бул пенсиялык системанын  жогоруда келтирилген компоненттеринин жалпы суммасы. Кененирээк “Кыргызстанда пенсиялык система кандайча түзүлгөн?” материалында. 

Бирок пенсиялык системада дагы бир компонент – топтомо бөлүк бар экендигин билгендер аз. Ал үчүн төлөмдөр иштеп жаткан адамдардын өзүнчө эсебине жыйналып, алар пенсияга чыккан учурда топтолгон каражаттар инвестициялык киреше менен бирге берилет. Башкача айтканда топтомдор жыйналып жана көбөйө берет. Бирок ал төлөм жасаган адам пенсияга чыкканда бир гана жолу берилет.

Бул кандайча иштей тургандыгын талдап көрөлү, жыйналган каражаттарды ким, кандайча жол менен аны көбөйтөт жана чогулган сумманы кантип алууга болот?

Эске салсак, мамлекеттин пенсиялык системасынын башкы милдети – жаш курагы боюнча, багаар адамы жок, майыптыгынан улам эмгекке жарамсыз адамдарды материалдык жактан камсыздоо. Топтомо компоненти жаш курагына байланыштуу пенсионерлерге гана тиешелүү, ал 2010-жылдын 10-январынан тарта пайда болгон.

“Азыр иштеп жаткан пенсиялык системанын түзүмүндөгү топтомо компонент, пенсия менен камсыздоо системасынын келечекте болуп калышы ыктымал демографиялык проблемалардан көз карандылыгын төмөндөтүү, ошондой эле пенсиялык системанын кызыктыруучулук касиетин жогорулатуу үчүн пайда болгон”, — деп айтылат Соцфонддун расмий сайтында.

2010-жылдын 1-январынан тарта ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери маяналарынан ай сайын Соцфондго мурдагыдай 8 пайыз эмес, 10 пайыздан которо башташты. Анын ичинен эки пайызы автоматтык түрдө төлөм жасаган адамдын Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондундагы (МТПФ) жеке эсебине жөнөтүлүп турат.

Соцфонддун алдындагы МТПФ эки пайыздык төлөмдөрдү топтоо үчүн жана төлөм жасаган адамдардын каражаттарын көбөйтүү үчүн атайын түзүлгөн. Фонд жыйналган каражатты КР Финансы министрлиги чыгарган мамлекеттик баалуу кагаздарына салым катары салат.

Бул компоненттин дагы бир артыкчылыгы – ар бир адам келечекте ала турган пенсиясын өзү түзөт. Төлөм жасаган адамдын салымы (8 пайыздык бөлүктө боло жүргөндөй) башкалардын пенсиясын төлөөгө жумшалбай, жекече эсебине түшүп турат. МТПФ бул учурда каражатты сактоочунун жана көбөйтүүчүнүн милдетин аткарат.

Өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун пенсиялык топтомо каражаттарын төлөөнүн жоболору жөнүндөгү” токтомуна ылайык, “пенсиянын топтомо бөлүгү жеке камсыздоочу эсебинде пенсиялык топтому бар алуучуларга дайындалат жана төлөнөт”. Каражаттарды алуу укугуна өлкөнүн чегинен тышкары чыгып  кеткен же туруктуу жашоого кетип жаткан адамдар да ээ. Төлөм жасаган адамдын көзү өтүп кетсе, топтолгон каражатты анын мураскору ала алат.

2012-жылдын 1-январынан тарта МТПФга камсыздоо төлөмдөрүн милдеттүү түрдө төлөөдөн иштеген-пенсионерлер жана 1964-жылдын 1-январынан эрте туулган иштеген-эркектер, ошондой эле 1969-жылдын 1-январынан эрте туулган аялдар бошотулган. Башкача айтканда, жарандардын бул категориясы пенсиянын топтомо бөлүгүн ала алышпайт. Топтомо бөлүктү патент менен (өздөрү иш тапкан адамдар)  иштегендер да ала албайт.

Мигранттар топтомо бөлүктү ала алышат, эгер  өлкөдөн чыгып кете электе МТПФга 2 пайыздык төлөмдөрдү төгүп келишкен болсо.

Кыргызстандыктар канча топтой алышты?

“Бүгүнкү күндө топтомо компонентинин жалпы суммасы 16 млрд. сомду түзөт. 2010-жылы 800 млн. сом жыйналган, 2011-жылы милиарддан ашык, 2012-жылы 900 млн.сомдон ашык болгон. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 7 млрд. 700 млн. сом түшкөн. Төлөмдөрдүн киреше бөлүгү 6 млрд. 788 млн. сомду түзгөн”, — деп түшүндүрдү МТПФнын директору Рахатбек Пирматов.

Рахатбек Пирматов. КР Социалдык фондунун башкармалыгынын мүчөсү, КР Соцфондунун алдындагы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун директору. Соцфонддун сайтынан алынган сүрөт.

“Орой эсептегенде төлөм жасаган адамдын топтомунун кирешеси болжол менен салымдын 80 пайызын түзөт. Эгер, мисалы 2010-жылы адам 100 сом төлөм салса, бүгүнкү күндө анын персоналдык эсеби 180 сомду түзөт”, — деп ишендирет Пирматов. Салымдарды инвестициялоодон түшкөн киреше анын айтканы боюнча жылына 12-13 пайызды түзөт.

2013-жылдан тарта МТПФ пенсионерлерге топтомо бөлүктү төлөй баштады. Бүгүнкү күндө төлөм жасаган адамдар жалпы жонунан 547 млн. сомду алышты.

МТПФ топтомо бөлүктөн инвестициялык кирешени каражаттарды мамлекеттик баалуу кагаздарга салып жайгаштыруу аркылуу алат. Пирматовдун айтканына караганда, МТПФ мурда каражаттарды коммерциялык банктарга салчу, бирок “ич ара пикир келишпестиктен улам” алар менен кызматташуу убактылуу токтотулган. Азыр фонд банктарга карата жаңы талаптар камтылган документтерди иштеп жатат, алар аягына чыккан соң иштешүүнү баштайт.

Жашоодон алынган жандуу мисал

Топтомо компонент киргизилгенден бери  кызматкердин жекече эсебинде канча акча жыйналгандыгын алдын ала эсептөөгө аракет кылып көрөлү.

Мурдагы материалда биз, эгер кызматкер колуна 15 миң сом алса, анын Соцфондго төлөмү 1851 сом – бул Соцфондго которулчу маянанын 10 пайызы экендиги тууралуу айткан элек.

Анын 2 пайызы, так айтканда 370 сом ар ай сайын Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна түшүп турат. 2010-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 30-сентябрына чейин 93 календарлык ай бар. Ушул сумманы айлардын санына көбөйтөбүз, натыйжада 34410 сомго ээ болобуз.

370*93 =34 410

МТПФнын билдирүүсү боюнча топтомо бөлүктүн инвестициялык кирешеси 80 пайызды түзөт, башкача айтканда:

34 410*80/100= 27 528

Топтомо бөлүктү алынган кирешеге кошобуз:

34 410+27 528 =61 938

Башкача айтканда, эгер төлөм жасаган адам 2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсияга чыкса, МТПФ ага жогоруда чыгарылган сумманы бериши керек.

Жекече эсеп боюнча маалыматтарды адамдар эмне үчүн биле алышпайт?

Төлөм жасаган ар бир адам Соцфонддон анын топтомо эсеби иштей баштаган толук убакыт ичиндеги бардык төлөмдөрдүн жалпы суммасы боюнча документти ала алышат. Бирок инвестициялык кирешенин суммасы тууралуу маалымат бул документте көрсөтүлгөн эмес.

Анткен менен келечекте Соцфонддун сайтында төлөм жасаган адамдардын жеке кабинети болуп, андан алар ушул маалыматты ала алышат. Бул боюнча 9 млн. сомго тендер өткөрүлгөн, бирок долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү такталып жаткандыгын мекемеден билдиришти.

Төлөм жасагандардын мүмкүнчүлүктөрү

Ушу жылдан тарта кыргызстандыктар пенсиянын топтомо бөлүгүн Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордо (МЭПФ) жана Башкаруучу компанияларда сактай алышат.

2015-жылы эле өкмөт “Камсыздалган адамдардын топтомо пенсиялык фонддорду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө” токтом кабыл алган. Ал 2016-жылы күчүнө кирген. Бирок аны иш жүзүнө ашыруу 2018-жылы гана мүмкүн болду.

Бардыгы бул токтомдогу Мамлекеттик эмес топтомо фонддорго жана Башкаруучу  компанияларга талаптарды катуулатуу боюнча бир нече жоболор иштелип чыккандыгына байланыштуу болгон.

Бул салымчылардын каражаттарын башкарган рыноктогу компанияларды күчтөндүрүү жана алардын туруктуулугуна жетишүү үчүн жасалган. Мисалы, МЭПФдин талап кылынган уставдык капиталы 10 млн. сомдон 40 млн. сомго чейин көбөйтүлдү. Башкаруучу компаниялардыкы 3 млн. сомдон 10 млн. сомго жетти.

МТПФнын директору Рахатбек Пирматов 2017-жылы Башкаруучу компаниялар арасында салымчылардын каражаттарын алуу жана башкаруу боюнча конкурс өткөрүлгөндүгүн билдирди. Натыйжада бир компания утуп алып, бирок ал белгисиз себептерден улам келишимге кол коюудан баш тарткан.

МЭПФ арасында конкурс өткөрүлгөн эмес, анткени аларга болгон талап ансыз да абдан жогору. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир гана “Кыргызстан” деп аталган Мамлекеттик эмес пенсиялык фонд иштеп жатат.

“Биз 2017-жылдын аягында уставдык капиталды 40 млн. сомго көбөйтө алдык. 2018-жылдан тарта Соцфонддон топтомо компоненттерин чыгарып кете турган адамдарды кабыл алууга толук даяр болдук”, — деп кабарлады “Кыргызстан” МЭПФ директору Кадырбек Нурманбетов.

Кадырбек Нурманбетов. “Кыргызстан” Мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун директору. Нурманбетовдун жеке архивинен алынган сүрөт.  

МЭПФ Башкаруучу компания жана Борбордук депозитарий менен салымчылардын суммаларын сактоо жана көбөйтүү үчүн кызматташат, бул алардын каражатынын жок болуп кетишине жол бербейт. Пенсиялык төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча шанстар тескерисинче, жогору.

“МЭПФ менен салымчынын ортосундагы келишимде биз каражаттарды инвестициялоо боюнча милдеттенме алган пункт даана көрсөтүлгөн. Мында салымдын суммасына жараша инвестициялык киреше 10 пайыздан кем болбойт. Токтомго ылайык (“Камсыздалган адамдардын топтомо пенсиялык фонддорду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө” – ред. эскер.), Соцфонд калк арасында МЭПФге жана Башкаруучу компанияларга каражаттарды чыгарып кетүү укуктарын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек эле, бирок Соцфонд буга кызыкдар эмес. Аларга салымчылардын унчукпаганы пайдалуу”, — деп белгилейт Нурманбетов.

МТПФнын директору Рахатбек Пирматовдун сөзүнө караганда, аймактардагы элди аралоо менен толук масштабдуу маалымат таратуу, Башкаруу компанияларынын конкурсу аяктап, жеңүүчү аныкталгандан кийин ишке ашырыла баштайт. Бүгүнкү күндө алардын бирөө да топтомо компонентти сактоого жана инвестициялоого катышпай жатат.

Бишкектеги уюмдардын биринин кызматкери Аида МТПФдан документ алып, каражатты МЭПФга чыгарып кетүү боюнча арыз жазган биринчи адам болгонун айтат. Бул үчүн Соцфонддун райондук жекече эсеп бөлүмүнө кайрылуу керек.

МТПФдан каражатты МЭПФга чыгарып кетүү боюнча арыз жылына бир ирет каралат, а каражатты которуу январдан мартка чейин жүргүзүлөт.

Каражаттарды МЭПФга жана Башкаруучу компанияларга которуп кетүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгү кыргызстандыктарда 2018-жылы гана пайда болгонун, а которуу ар бир жылдын башында болорун эске алганда,  Кыргызстанда азырынча салымчы МТПФдагы эсебинен каражатын чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланган бир дагы окуя каттала элек.

Ошол эле учурда салымчы каалаган учурунда МЭПФ кызматынан баш тартып, кайра МТПФга өтүүгө укугу бар.

МЭПФга каражатты чыгарып кетүү процедурасы

Топтомо компонент – бул пенсиялык системанын милдеттүү бөлүгү, а мамлекеттин милдети – салымчыларды камсыздандыруу. Соцфонд алдындагы МТПФ каражатты кепилдиги менен сактап жана көбөйтүп, адам өзүн өзү камсыздай албай калган учурда берүүгө милдеттенме алат.

Башкаруучу компанияларга жана МЭПФга каражаттарды чыгарып кетүү мүмкүндүгү, салымчылар активдерин өз алдынча башкара алуусу үчүн  пайда болду.

Ошол эле учурда ар бир адам каражатын чыгарып кетүүнү өзү каалап, Башкаруучу компанияны же МЭПФни тандап, келишим түзүп, андан кийин Соцфонддун райондук бөлүмүнө келип, тандаган Башкаруучу компанияны же МЭПФни көрсөтүп, арыз жазышы керек.

Асел Сооронбаева — CABAR.asia аналитикалык журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» алкагында даярдалды.