© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда пенсия системасы кандай түзүлгөн?

КР Социалдык фонду пенсиянын өлчөмүн кантип эсептей турганын аныктоо жеңил эмес. 


Улуттук Статком маалыматы боюнча Кыргызстанда болжол менен 673 миң ар кандай категориядагы пенсионер бар. Алардын дээрлик ар бир төртүнчүсүнүн пенсиясынын өлчөмү жашоо минимумдан төмөн, ал эми 2017-жылы жашоо минимум 4900 сомду түзгөн.

Кыргызстанда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө” мыйзамы боюнча эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгышат.  

Жаш курагы боюнча пенсия жарандын Социалдык фондго акы төлөгөнүнө же төлөбөгөнүнө карабай, баарына тең берилет. Улуттук Статком маалыматы боюнча КР жалпы пенсионерлердин 73% ы жаш курагына байланыштуу пенсияга чыккандар болуп эсептелет.

Пенсиянын өлчөмү элдин бакубатчылыгына байланыштуу, ага пенсионерлер таасир тийгизее алышпайт. 
Пенсиянын өлчөмүн аныктоодо жарандын жалпы эмгек стажы, орточо айлыгы жана камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон суммасы эске алынат.  Пенсиянын жалпы өлчөмү базалык жана камсыздандыруу бөлүгүнүн суммасы болуп саналат. Пенсиянын базалык бөлүгүн улгайганда бардык жаран алат, анын төлөнүшүнө мамлекет кепилдик берет, ал эми анын өлчөмү анын жалпы эмгек стажына байланыштуу. 

Эркектер жалпы эмгек стажы 25 жыл, ал эми аялдар 20 жыл болсо пенсиянын базалык бөлүгүн толугу менен алат. 2017-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык бөлүгү 1,780 сомду түзөт. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн  аз иштеген адам болсо, пенсиянын базалык бөлүгү иштеген жылдарына пропорционалдуу кыскарат. Мисалга алсак, аял-пенсионер тиешелүү болгон 20 жылдын ордуна 10 жыл иштеген болсо, анда базалык бөлүгү  1780 сомдун ордуна 890 сомду түзөт. 

“КР Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жөнүндө”мыйзамынын негизинде пенсиянын өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:

Жалпы айлык пенсия (ЖП)  = Б (пенсиянын базалык бөлүгү) + КП1 + КП2

КП1 – пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү же жеке, персоналаштырылган эсепти киргизгенге чейинки айлык камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү;

КП2 –пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү же жеке, персоналаштырылган эсепти киргизгенден кийинки айлык камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү.  

Персонилаштырылган эсеп бул милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу системасында камсыздандырылган ар бир жаран тууралуу маалыматтын эсебин уюштуруу жана алуу болуп саналат.

Эгер пенсиянын базалык бөлүгүн эсептөө жеңил болсо, КП1 жана КП2 эсептеп чыгуу алда канча татаал. Мында камсыздандыруу стажы да, орточо айлык акы да, топтолгон сумма жана индексация коэффициенти эсепке алынат.

2016-жылы  Соцфонд онлайн калькулятор (http://penscalc.sf.kg/) киргизген, ал жарандын келечектеги пенсиясынын өлчөмүн өз алдынча эсептей алышы үчүн кызмат кылат.  Соцфонд келечектеги пенсиянын өлчөмүн аныктоодо бул болжолдуу гана жыйынтыкты берээрин эскертет. Эгер жаран өз маалыматынын баарын туура көрсөтсө, анда жаңылып калуу пайызы азаят.

Эгер ушул калкуляторго ишенсек, анда 14 000 сом айлык алып 10 жыл иштеген аял болжол менен 3200 сом пенсия алат, анын ичинен 890 сому- базалык бөлүгү, калган суммасы-пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү. Эгер жалпы эмгек стажы 20 жылды түзсө жана айлык акысы 14 000 сом болсо, анда анын пенсиясынын базалык да, камсыздандыруу бөлүгү да, көбөйөт. Бул учурда ал аял базалык бөлүгүн-1780 сомду толук алат, анын болжолдуу пенсиясынын өлчөмү 5800 сомду түзөт.

Эркектер үчүн пенсиянын базалык бөлүгүн толук алышы үчүн 25 жылдык эмгек стажы керек. Эми биздин Соцфондго төлөмдөрүбүздү талдап көрөлү. Эмгек келишими боюнча ар бир иштеген кишиден айына эмгек акыдан пенсиялык керектөөгө 10%,  дагы 10% Салык  кызматынын райондук бөлүмүнө кармалып калат. Жумуш берүүчү өз кызматкери үчүн айлык акыдан 17, 25% чегерет (15%-пенсиялык фондго, 2%-милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондуна), 0,25% эмгекчилердин  ден соолугун чыңдоо фондуна которот. Ошентип, кызматкердин эмгек акысынан  25 %  га барабар сумма Соцфондго которулат. 

 

Мисалы, жаран колуна 15. 000 сом айлык алат. Улуттук Статком болжол менен ошол сумма Кыргызстандагы орточо айлык экенин көрсөтөт. Бул учурда жумуш берүүчүнүн жалпы чыгымы 21,712 сомду түзөт. Кызматкердин жалпы эсебине ал 18518 сом эсептейт, бул суммадан 10%, б.а.  1851 сом Соцфондго кармалат, калган суммадан дагы 10% (1666 сом) киреше салыгы Салык кызматына которулат.

Ошондой эле жумуш берүүчү Соцфондго  өзүнчө 3194 сом которот, бул 17.25%,  жумуш берүүчү өз бюджетинен мамлекеттик бюджетке кызматкердин айлык аксынынын суммасынан которуучу сумма. Ошентип, айына Соцфонд капчыгына ар бир кызматкерден орточо 5047 сом которулуп турат. 

 

Жыйналган каражат учурдагы пенсионерлерге бөлүштүрүлүп берилет. Мында мурдагы муунду кийинки муун каржылары көрүнөт, ал эми көбүнесе пенсиянын өлчөмү калктын бакубатчылыгына байланыштуу болот.  

Жумуш берүүчүлөрдүн көбү салыктан качып, кызматкерди эмгек келишими жок  иштетет, ал эми жумушсуздуктун жогорку деңгээли жана жарандардын эмгекке болгон укуктарын билбегенинен  көп учурда каражат конвертке салынып төлөнөт.

Бүгүнкү күндө ар бир пенсионерге 1,2 легалдуу эмгекчи туура келет. Эмгектин эл аралык уюму (ЭЭУ) бул цифра үч эсе көп болушун сунуш кылат, андай болбосо пенсиялык системада дисбаланс болот, туруктуулугунан ажырайт.

Эгер абал оңолбосо, 10-12 жылдан кийин пенсиялык камсыздоонун азыркы үлгүсү бардык пенсионерлерди камсыздай албай калат жана мамлекет өз жарандарына мыйзамдуу пенсия төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн  жоготуп коюу тобокелчилигине кабылат.

Асел Сооронбаева – CABAR.asia аналитикалык журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү


Бул материал  «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project”долбоорунун алкагында даярдалды,  Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылды. Макаладагы пикир редакцуиянын же донордун көз-карашын  чагылдырбайт.   

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: