© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда кыргыз тилдүү психологдорго болгон сурам жогорулоодо

Кыргызстанда калктын кыргыз тилдүү бѳлүгү кошулуп, психологдорго кайрылуу маданияты күн санап ѳсүүдѳ. Бирок, ѳлкѳдѳ мамлекеттик тилди тийиштүү деӊгээлде билген адистердин саны ѳтѳ эле аз.


На русском English

Авторлор: Бермет Уланова жана Наргиза Кожобекова, CABAR.asia Аналитикалык журналистика мектебинин катышуучулары

Кыргызстанда психологдун кызматы 250 сомдон 4 миӊ сомго чейин бааланат. Алдыӊкы планка – кѳбүнчѳ жаӊы иштеп баштаган адистер. Эгер кѳйгѳй анча олуттуу болбосо, анда мындай адистерге кайрылууга болот. Ишке жаӊы киришкен психологдор белгилүү бир угуу кѳндүмүнѳ ээ жана мындай ыкма дарылоочу таасир бере алат.

Психологдун кызматтарынын баасына имараттын ижара акысы жана ай сайын тѳлѳнүп туруучу патент кирет. Мындан тышкары, алар үзгүлтүксүз квалификацияны жогорулатуу курстарына; акысы 3 миӊден 300 долларга чейинки ар кайсы багыттагы тренингдерге катышышат; ѳз ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртуу үчүн супервайзерге, ошондой эле жеке кѳйгѳйлѳрүн чечүү максатында ѳздүк терапияга барып турушат.

Ошентсе да, Бишкекте түрдүү багыттагы адистерди табуу мүмкүнчүлүгү кеӊири болсо, ѳлкѳнүн аймактарында психолог оӊой менен табылбайт.

Эльмира 28 жашта (аттардын баары респонденттердин ѳтүнүчү боюнча ѳзгѳртүлдү), ал Жалал-Абад областынын бир шаарынын тургуну. Аймакта психологдордун жетишсиздигинен жана аларга болгон ишенимдин тѳмѳндүгүнѳн  улам, Бишкектеги адистерге кайрылууга мажбур:

— Мен башыман ѳткѳн окуяны интернет баракчаларынын бирине айтып бергем жана менин суроом боюнча журналисттер сѳздѳрү менен мага колдоо кѳрсѳткѳн психологдун түшүндүрмѳсүн жарыялашкан. Ушул себептен улам, адис менен түздѳн-түз байланышып, анын жардамы менен кѳйгѳйдү чечүүнү туура таптым. Бирок, Бишкекте жашабагандыктан, ага шаарга барганда кайрылам. Мен жашаган шаарчада психолог кезиктирген эмесмин, мындай адис бар болсо дагы мен ага кайрылбайм. Себеби, ал кайын-журтумду тааныган киши болуп калышы ыктымал. Ал эми менин кѳйгѳйүм дал ошол жолдошум жана анын туугандары менен мамилеге байланыштуу.

Уулум жарык дүйнѳгѳ келгенде, жыйырма жаштагы студент болчумун. Уулумду тийиштүү түрдѳ багып жаткандыгыма карабастан, кайненем баланы ага берип, ѳзүм окушум керек экендигин айтып туруп алды. Жолдошум аны колдоп, ата-энеси жалгыз эригип жаткандыгын, бала болсо аларга эрмек болоорун, анын үстүнѳ ѳзүбүзгѳ да жеӊилдик боло тургандыгын кулагыма куя берди. Акырында мындай басымдын таасири менен уулумду кайын журтума берүүгѳ аргасыз болдум.  

Бир нече жылдан кийин кайын журтум жашаган шаарга кѳчүп келип, алар менен бир үйдѳ жашап калдык. Ошол күндѳн тартып жашоомдо кыйынчылыктар башталды. Уулумду мага – ѳз энесине кызганып, аны кучактап, ѳпкѳн учурда чатак салчу болду. Ал эми балам кежирленип, туура эмес аракеттерди жасаса, аны жазалоого уруксат бербей, тарбиялоочу сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүү керек дечү.

Үйдѳ уруш чыкканда жолдошум дайыма менин балдарга жакшы тарбия бере албай жаткандыгымды айтат. Энелик кадыр-баркымды тебелеп коюшкандан кийин, мен аларга кантип тарбия бере алам? Балам мага маани берип кабыл албайт жана бир нерсе болсо эле дароо чоӊ апасына даттанып барат. Ал тургай, уулумду каалашымча кучактап, ѳѳп-жыттай албайм, бир нерсе тууралуу жакындан  сүйлѳшѳ албайм.  Бул маселени чечип, ѳз балдарыма жакшы, татыктуу эне болуу үчүн психологго барууну туура таптым.  

Photo: kidskunst.info

Кыргызстандыктардын канчасы психологдон жардам алуу үчүн кайрылып жаткандыгы боюнча так маалымат жок. Негизинен адистер жеке менчик практика жүргүзүп, канча кардар жана сессия болгондугу туурасында эч кимге отчет беришпейт. Ошентсе да, практикалык психолог Ильдар Акбутиндин айтымына караганда, анын кызматына болгон суроо-талап барган сайын ѳсүүдѳ:

Ильдар Акбутин. Photo: ru.sputnik.kg

— Алгачкы орунда үй-бүлѳсүндѳ кѳйгѳйлүү мамилеси болгондор, балдар менен ата-энелердин ортосундагы кризиске кабылгандар, ошондой эле үй-бүлѳдѳ кыйынчылыгы болгон кардарлар турат. Экинчи орунда – депрессиялуу абалда болгондор, оор балалык күндѳрүндѳ келип чыккан кѳйгѳйлѳрү бар кардарлар, ал эми үчүнчү орунда – фобиясы бар, паникалык чабуул жана коркуу сезимине байланышкан кѳйгѳйлѳрү бар кишилер турат. 

Ар кандай формадагы зомбулук категориялардын үчѳѳндѳ теӊ бар. Бирок, атайын мындай ѳтүнүч боюнча кайрылгандардын саны ѳтѳ эле аз. Бул эч кандай таӊ калышсыз, адаттагы кубулуш катары кабыл алынат, айрыкча, мындай абал балдарга карата жасалган зомбулукка тиешелүү.

Онлайн психолог

Аймактарда психологдордун жоктугунан улам, видео байланыш аркылуу психологиялык жардам алуу кызматы учурда актуалдуу болууда. Бирок мындай мүмкүнчүлүктѳн интернет байланышы жакшы аймактардын тургундары гана пайдалана алышат. 

Айсулуу балдары кичине жана ата-энесинин ооруулуу экендигине карабастан, жошоосу менен кош айтышууга даяр  турган учурда психолог менен  WhatsApp акрылуу байланышкан:

— Жолдошум үзгүлтүксүз  кѳзүмѳ чѳп салып жүрдү, бирок андан кетип калуудан коркчумун. Айылдагылардын баары мага боору ачып карашчу. Анткен сайын үйдѳн да чыкпай калдым, эч ким менен да сүйлѳшпѳй калдым.  

Бир күнү ыйлап отуруп Бишкектеги курбума чалдым. Башыман ѳтүп жаткандарды айтып бердим. Курбум психологго кайрылып, онлайн иштеп кѳрүүмдү сунуш кылды. Бардык кѳйгѳйлѳрүмдү чечтим деп айта албайм, бирок, жашоом менен кош айтышуу тууралуу ойлор жоголду.

Психолог мени кѳйгѳйдѳн качпай, аны чечүүгѳ аракет кылууну үйрѳттү. Ѳзүмѳн кийин убагында психологдун жардамы берилсе же жѳн гана кѳйгѳйлѳрү угулса канча деген кишилерди ѳз жанын кыюудан сактап калууга болот эле деген ойлор пайда болду.  

Туугандар менен достор психологдун ордун алмаштыра албайт

Психологго кайрылган кардарлар айланасындагылардын аларды кѳп учурда түшүнбѳгѳндүгүн жана колдобогондугун айтышат. Сѳзсүз эле акча коротпостон, жѳн гана жакын бирѳѳ менен кѳйгѳйүӊ тууралуу бѳлүшүп, кеӊеш алса да болот деген пикир бар.

Алина дагы жакындарынын негативдүү мамилесине кабылган:

— Психологго баруумду жакындарым терс кабыл алышты. Кыргызстанда менталитет башка: психологго аргасы түгѳнгѳн гана киши барат деп эсептешет. Мени да акылыман ажырады, тереӊ депрессияга түшүп, ѳзүнѳ-ѳзү ээ боло албай калды деп  ойлошту.

Бирок, курбуларыбызга жана жакындарыбызга айта албай турган нерселер болот. Кээ бир учурда сени угуп, сени колдой ала турган чоочун эле бир кишиге сырыӊды ачып берүү кыйла жеӊил.

Менин психологго баруума ички абалым түрткү болду. Эмне тынчсызданып жатканын таптакыр түшүнбѳй койдум. Мындай карасаӊ, баары эле жакшы. Ошентсе да, ичимде кандайдыр бир тынчсыздануу, коркуу сезими кетпей туруп алды. Муну мен жеӊе албай койдум.

Алгачкы жолу бир аялга баргам, бирок ал мени жѳн гана угуп, эч кайсы жерге багыттаган жок. Ошондон кийин ага жана башка психологдорго  барбоону чечтим.

Бирок, кийин улам эле мага кесипкѳй жардам керек экендигин айта беришти. Тааныштарымдын кѳбү азыр барып жаткан психологду сунуш кылышты. Ошентип ал кишиге кайрылып калдым. Орчундуу бир кѳйгѳйдү азырынча чече элекпиз, бирок ичимдеги тынчсыздануу сезимин жок кылдык жана анын сессиясынан кийин мен чындап эле эс алып калдым. Ал мага туура багыт кѳрсѳттү, тигил же бул кырдаалга башкача кѳз караш менен кароону үйрѳттү.

Асель Баимбетова, практикалык психолог, гештальт-терапевт:

Асель Баимбетова. Ѳздүк архивден алынган сүрѳт

— Психолог дипломго ээ болуусу зарыл. Эч кандай күбѳлүк психология факультетинде алган базалык билиминин ордун толуктай албайт.  Мындан тышкары, анын атайын адистиги болуп, кайсы жерде жана кандай тажрыйбага ээ болгондугу тууралуу так маалымат берилүүгѳ тийиш. Кардарлардын пикирине да ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруш керек. Себеби, психологдордун ѳздѳрү тууралуу интернетте жазып чыккандары жѳн гана маркетинг болушу ыктымал.

Психологдун жанында отурганда адам ѳзүн абдан ыӊгайлуу жана жайлуу сезиши керек. Адис кардарда эч кандай негативдүүлүк, каршылык жана ачуулануу абалдарын пайда кылбоого тийиш. Ошондой эле, ойноктоп же бѳйбѳӊдѳп жаткандыгы тууралуу да сезим калтырбашы керек.

Эч кандай күбѳлүк психология факультетинде алган базалык билиминин ордун толуктай албайт.

Компетенттүү психолог кардарды кандайдыр бир нерсе боюнча ишениминен тандырууга аракет кылбайт, ашыкча кеӊештерди бербейт, эч качан сын такпайт, жакшы же жаман деп баа бербейт жана сѳзсүз түрдѳ кардарын кунт коюп угат.

Мисалы, кардарлар кѳп учурда мага келип, «Ажырашып кетейинби же жокпу?» деген суроону беришет. Эгерде психолог мындай суроого «ажыраш же ажырашпа» деген жоопту берсе, анда ал кесипкѳй адис деп эсептелбейт. Анын мынтип айтууга жана кардардын жеке жашоосуна оӊдоолорду киргизүүгѳ укугу жок. Ѳзгѳчѳ, биринчи же экинчи жолу келип жаткан кардарга мындай жоопту бере албайт. 

Психологго барыш керекпи? Жок, мен дени соо адаммын

Психологдордун айтуусу боюнча, акыркы жылдарда аларга кайрылган эркектердин саны кыйла ѳстү. Булардын арасында ѳз ыктыяры менен үй-бүлѳлүк кеӊеш берүүгѳ келгендер да арбын. Ошентсе да, бул кѳрсѳткүч мурункудай эле тѳмѳн бойдон калууда. 

Мирлан, 35 жашта:

— Студент кезимде эле психологияга кызыкчумун. Кийин келинчегим экѳѳбүздүн мамилебизде кыйынчылыктар пайда болгондо, аны менен бирге үй-бүлѳлүк психологго кайрылдык. Андан соӊ эки жолу гештальт-терапия боюнча алты айлык тренингге катыштым. Экѳѳндѳ теӊ топтун ичинде жалгыз эркек катышуучу болдум.

Психологго барып жаткандыгым үчүн уялбайм. Бул менин жашоомдун сапатына жакшы таасирин тийгизип, мен колдоого татыктуу экендигимди сезип жатам. 

Психологго барып жаткандыгым үчүн уялбайм. Бул менин жашоомдун сапатына жакшы таасирин тийгизип, мен колдоого татыктуу экендигимди сезип жатам.  Ошентсе да, эркектердин психологго кайрылуу боюнча сунушка терс мамиле менен жооп кайтаргандыгы мени абдан таӊ калтырат.

Мисалы, жолдошторум же тааныштарым кѳйгѳйлѳрү менен бѳлүшүшѳт. Бул маселени психологдун жардамы менен чечүүсүн сунуш кылганымда, «мен дени соо адаммын», «эркек кишиге психологдун эмне кереги бар» же болбосо «психологго психтер гана кайрылышат» деген сыяктуу жоопторду угам. Бул болсо стереотиптик ой жүгүртүүнүн натыйжасы деп ойлойм. Жакында коомубуз психологдордун аткарган жумушунун маанисине туура баа бере баштайт деген ишеничтемин.

Ильдар Акбутин: «Практикамда кардарлардын 15%га жакыны эркектер. Менин байкашымда бул кѳрсѳткүч ѳтѳ тездик менен ѳсүүдѳ – бир-эки жыл мурда 5%дан жогору чыккан эмес. Эрекектер кѳбүнчѳ жеке инсандык кѳйгѳйлѳр менен байланышкан кыйынчылыктарды чечүү максатында кайрылышат. Ѳзгѳчѳ, ички тынчсыздануу жана паникалык чабуул боюнча кѳп келишет. Кийинки орунда депрессияга кабылган кардарлар, ал эми эӊ аз сандагылар – үй-бүлѳдѳгү кѳйгѳйлѳрү боюнча кайрылгандар.  Үй-бүлѳ маселелери боюнча кѳбүнчѳ аялдар келишет».

Кыргыз тилдүү психологдордун жетишсиздиги

Психологиялык жардам берүү кызматына болгон суроо-талап менен катар эле, кыргыз тилдүү кардарлардын да саны ѳсүүдѳ. Тилекке каршы, кыргыз тилинде ишенимдүү сүйлѳп, кеӊеш бере ала турган адистерди табуу ѳтѳ кыйын. Жогорку окуу жайларында психолог, дефектолог жана логопеддерди даярдап чыгаруу орус тилинде гана жүргүзүлѳт. 

Ошондуктан, кѳп учурда калктын кыргыз тилдүү бѳлүгү табыптарга же бакшыларга кайрылууну туура кѳрѳт.  

Мындай дарыгерлер ѳлкѳнүн аймактарында абдан кеӊири жайылган. Бирок, баш калаада дагы буларга карата суроо-талап жогору. Бир мезгилде Ош базарынын бүтүндѳй бир катарын мындай «адистер» ээлеп турушчу. Алар ийгиликке, ден соолукка жана башка нерселерге жол ачып, келген кардарды угуп, ага кеӊеш бере алышат.     

Ошондой элдик табыптардын бири Нурила Жоробекова  Бишкек шаарында жайгашкан жер үйдү атайын бул максатта ижарага алып, кардарларды ошол жерде кабыл алат:

— Мага кайрылгандардын 80% – аял кишилер. Алардын 90% үй-бүлѳгѳ байланышкан кѳйгѳйлѳрү менен келишет. «Күйѳѳм менен жашагым келбей калды, эмне кылышым керек?», «Кайненем жашоо бербей жатат, кандай айла табам?», «Күйѳѳм таштап кетти, эмне үчүн?» ж.б. ушул сыяктуу суроолорду беришет.

Кээ бир кардарлар жумушу, ишкердиги боюнча жардам сурап келишет. Мисалы, жумушум жүрбѳй жатат, ылайыктуу жумуш таба албай  жатам, банкрот болуп, куружалак калдым – эми эмне кылам деген суроолор.

Алар мени  бир сыйкырчы сымал кѳйгѳйлѳрүнүн баарын чечип бере коет деп ойлошот. Бирок мен аларга үй-бүлѳдѳгү кѳйгѳйлѳрдѳ бир эле киши күнѳѳлүү болбой тургандыгын түшүндүрѳм. «Балким, сен да ката кетирип жаткандырсыӊ? Алгач ѳзүӊдү байкап кѳр, жүрүш-турушуӊа, мүнѳзүӊѳ кѳӊүл бур» деп айтам. Ошондой кийин гана алар ойлоно баштайт.

Бирок, мындай кишилер ѳзгѳргүсү келбейт. «Мен ушундай адаммын» же «мен ѳзүмдү ѳзгѳртѳ албайм» деп жооп бере башташат. Алар ѳздѳрүнүн мүнѳзүн эӊ кымбат, кол тийгис бир нерсе катары кабыл алышат. Ал эми ѳзүн, ѳзүнүн жашоосун ѳзгѳртпѳй туруп, кабылган абалды ѳзгѳртүү мүмкүн эмес.

Кишилер менин кеӊешимди угуп, ѳздѳрүн жеӊил сезип калгандарын, же кырдаал ачык болуп калгандыгын, же болбосо  мындай абалга түшүүсүнүн себебин эми түшүнгѳндүгүн айтышат.

Адистер мындай элдик табыптардын  кардар ачылып, кѳйгѳйлѳрү менен бѳлүшүп, ичинде болгон нерсени айтып берүүсү үчүн жетишээрлик деӊгээлде психологиялык даярдыкка ээ болуусу керек экендигин белгилешет. Бирок, мындай «терапия» убактылуу гана таасирге ээ.  

Ильдар Акбутин, психолог:

«Тѳлгѳчүлѳр кѳйгѳйдү түп-тамырынан чече алышпайт, жѳн гана кырдаал кайталанган учурда кайра кайрыла турган «тез жардам» катары эсептелет. Ал эми  ѳз ишин мыкты билген кесипкѳй психолог кардардын ѳз кѳйгѳйлѳрүн ѳз алдынча чечүүгѳ үйрѳнүүсүн жана турмуштун кыйынчылыктары алдында жоопкерчилик ала турган аӊ сезимдүү абалга кирүүсүн камсыздайт. Бирок, бул дайыма эле жеӊил ишке аша бербейт, анда кѳрѳ тѳлгѳчүгѳ барган кыйла оӊой деп эсептешет».

Bilesinbi.kg — кыргызстандыктар психологиялык колдоолор кошулуп, ар кандай жардам сурап кайрылган жаштардын билим берүү долбоору.  Бирок, долбоордун журналисти Асель Жолдошбек кызы психологиялык колдоо кѳрсѳтүүдѳ кыргыз тилинде кызмат берүүгѳѳ байланыштуу кыйынчылыктардын келип чыккандыгын айтууда:

Биздин аудиториябыз толугу менен кыргыз тилдүү жарандар. Кѳп учурда психологиялык кыйынчылыктарга кабылган окурмандарыбыз кайрылган суроо-жооп рубрикасы үчүн кыргыз тилдүү психологдорду таба албай калуудабыз. Ушул себептен улам, окурмандардын суроолорун кыргыз тилинен орус тилине которуп, психологго жиберебиз. Анан кайрадан психологдун жообун окурманга орус тилинен кыргыз тилине которуп беребиз.

Психолог Асель Баимбетова практикага баштагандан тартып он жыл ѳткѳн соӊ, кыргыз тилин үйрѳнүү курсуна бара баштаган. Анын айтымында, акыркы учурларда кыргыз тилдүү кардарлардын саны кѳбѳйүп, ал эми анын тилди билүү деӊгээли алар менен ишенимдүү түрдѳ иштѳѳсү үчүн мүмкүндүк бербей жаткан. 

Психолог Саадат Сыдыкова кардарлары менен орус тилинде да, кыргыз тилинде дагы иш алып барат. Адис кыргыз тилинде иштѳѳ үчүн тилди базалык деӊгээлде билүү жетишсиз экендигин белгилейт:

«Терапияда кыргыз тилдүү жана орус тилдүү кардарлардын ортосунда эч кандай айырмачылык жок. Мен алардын кайгысы менен ѳздѳрүнүн «сокур тактарын» кѳрбѳгѳндүктѳн, ѳз жашоосун ѳзгѳртүүгѳ болгон курулай аракеттерин гана сезе алам. Кыргыз тилдүү психологдорго суктанам, тил менен психологияны  мыкты деӊгээлде билүүсү кардар менен сапаттуу иш алып баруусунун   негиздеп турат».


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.