© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: Ким пенсияга башкаларга караганда эртерээк чыга алат?

Кыргызстанда ар бир атуул мыйзамда бекитилген белгилүү жаш курагына жеткенден кийин гана  пенсияга чыгууга укуктуу. Ал эми “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү”  мыйзамда   белгилүү бир жарандарга карата пенсияга чыгуунүн жеңилдетилген шарттары каралган. 

Пенсия системасы боюнча эксперт Жамила Тогузбаева менен биргеликте Кыргызстанда пенсияга башкаларга караганда кимде эртерээк чыга ала тургандыгын талдап көрөлү.  


 

Жалпысынан курагы боюнча толук пенсия дайындоо үчүн эсептик камсыздандыруу иш стажы: эркектер үчүн – 25 жылды, аялдар үчүн – 20 жылды түзүшү зарыл. Мындай эмгек стажы жок болсо да ар бир атуул мыйзамда белгиленген куракка жеткенде пенсияга чыга алышат. Бирок мындай учурда пенсиянын базалык бөлүгү пропорционалдуу түрдө азайат.

Кененирээк: Кыргызстанда пенсия системасы кандай түзүлгөн?

Эгер пенсионер пенсияга чыккандан кийин да жумушун уланта берсе, ар жыл сайын пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү кайрадан эсептелип көбөйтүлөт. Пенсиянын камсыздандыруу жана топтом бөлүгү Социалдык фондго төлөнгөн камсыздандыруу взносунун көлөмүнө жараша болот. Социалдык фондго которулган сумманын өлчөмү канчалык чоң болсо, песиянын көлөмү да ошончо чоң болот.

Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стаждан дагы 15 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар адамдар мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу жана андай адамдар 3 жыл эрте пенсияга чыга алышат.

Эгерде адамдын өз жашоосун өзү камсыздоого каражаты, мүмкүнчүлүгү жок болуп калса, мындай адамдар пенсияга чыгуу курагына жеткенге чейин үч жыл эрте  пенсияга чыга алышат. Бирок бул учурда пенсия, жалпыга белгиленген пенсия курагына жеткенге чейинки ар бир айга 1,5% азайтылып чегерилет (63/58 жаш). Ал эми пенсия курагына жеткенден кийин ага чейин аванс менен берилген пенсия ар ай сайын кармалып калынат.

Пенсиядан кармап калуу  бирдей өлчөмдө 10 жыл бою жүргүзүлөт. Пенсионер аванс менен алган пенсиясын мөөнөтүнөн мурда төлөп койсо да болот. Пенсия курагына жеткенге чейин мөөнөтүнөн мүрда чегерилген пенсияны кайтаруунун жол жобосун бул жерден карасаңыз болот.

Бул учурда пенсиянын базалык бөлүгү эмгек стажына жараша болот. Эмгек стажы канчалык аз болсо, пенсиянын базалык бөлүгү да ошончолук аз болот

Бул тууралуу ушул жерден окусаңыздар болот: Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү кантип эсептелинет?

Андан сырткары пенсия курагына жеткенге чейинки мөөнөттөн мурда төмөнкү категориядагы атуулдар  пенсияга чыга алышат:

* мындай атуулдардын ½нен кем эмеси ушул жеңилдиктен колдоно алышат.

Тизме №1

Кыргызстандын мыйзамында жер астындагы жумуштарда, эмгек шарттары өзгөчө зыяндуу жана өзгөчө оор болгон жумуштарда толук жумуш күнүндө иштеген адамдар курагы боюнча (карылыгы боюнча) жеңилдетилген шарттарда башкаларга караганда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыга алышат. Аларга төмөнкү тармактарда иштегендер киришет:

  • Тоо-кен өндүрүшү
  • Түстүү металлдарды өндүрүү
  • Химиялык өндүрүш
  • Ок дарыларды өндүрүү
  • Металлды кайра иштетүү
  • Электр өндүрүшү
  • Курулуш материалдарын өндүрүү
  • Айнек өндүрүшү жана башка ушу сыяктуу

Эгерде атуулдун эмгек тажрыйбасы  зарыл  болгон камсыздандыруу жаш курагынан аз болсо, анын пенсияга чыга турган жаш курагы бир жылга азаят.

Мисалы, эгерде кайсыл бир атуул шахтер болуп сегиз жыл иштесе жана анын жалпы эмгек тажрыйбасы жыйырма жыл болсо, мындай учурда ал адамга № Тизме боюнча пенсия чектөө үчүн ага дагы шахтада 2 жыл  иш стажы жетишпейт. Мындай учурда ал алтымыш үч эмес, элүү беш жаш курагында пенсияга чыгууга укугу бар (63-8=55).

* мындай атуулдардын ½нен кем эмеси ушул жеңилдиктен колдоно алышат.

Тизме№2 

Пенсияга адамдын ден-соолугуна зыяндуу жана оор шартта толук жумуш убактысында иштгендер эрте чыга алышат. Аларга төмөндөгүдөй тармактарды кошууга болот:

  • Тоо иштериндегилер(ачык ыкма менен)
  • Кен иштетүү жана аны байытуу тармагында иштегендер
  • Оор өнөр жайында эмгектенгендер
  • Отко өңдүрүлгөн продукцияларды чыгарган ишканаларда эмгектенгендер
  • Өткөргүчтүн түрлөрүн чыгарган заводдордо эмгектенгендер

Жеңил өнөр жайында иштегендер

* бийик тоолуу жерлерде жашап иштегендер үчүн 20 жылдан кем эмес эмгек стажы талап кылынат.

Бийик тоолуу райондордун тизмесин ушул жерден көрүңүздөр. 

Ал эми бийик тоолуу аймактарда жашаган атуулдардын маяналарына кошулган кошумча төлөмдөр тууралуу  ушул шилтемеден тааныша аласыздар.

* бийик тоолуу жерлерде жашап иштегендер үчүн 15 жылдан кем эмес эмгек стажы талап кылынат.

Бийик тоолуу райондордо жашаган үч же андан ашык баласы бар аялдар белгиленген мөөнөттөн он үч жыл эрте чыгууга укуктуу. Болгону эгерде алардын үч баласынын бирөөсү сегиз жашка чыкпай чарчап калса, андай аялдар жогорудагыдай жеңилдиктен колдоно албай калышат.

Ошондой эле бул жерден сиздер: Пенсиянын топтомо компоненти кандай түзүлгөндүгү тууралуу тааныша аласыздар? 

Алыскы жана адам барууга  оор жерлерде жашаган Кыргызстандык атуулдар дагы эрте пенсияга чыга алышат. Ал үчүн зарыл болгон жаш курагына чейин алар ушундай жерде жашап иштеши башкы шарт болуп саналат.

Мындай райондордун тизмесин ушул жерден карасаңыз табасыз.

Эгерде беш баласынын бирөө сегиз жашка чейин чарчап калса, анда мындай аялдар жогорудагыдай жеңидиктен колдоно албай калышат.

Мындай жеңилдик эгерде майып баласы  сегиз жашка чыкпай чарчап калса колдонулбайт.

Ушул категорияга кирген атуулдарда Кыргызстанда эрте пенсияга чыгууга укукту. 

* алардын ½нен кеңемеси түздѳн түз аба кемелерин башкаргандар.

Андай адамдадын катарына аба экипажынын мүчөлөрү, учкучтар, учкуч инструкторлор киришет. Мындай адамдардын тизмесин бул жерден көрүңүздөр.

* алардын ½нен кеңемеси түздѳн түз аба кемелеринин багытын жѳнгѳ салып туруучу

Бул категорияга диспетчерлер, учкучтар, диспетчерлик борборлордун башчылары. Мындай адамдардын тизмесин бул жерден көрүңүздөр.

* аялдар үчүн 15 жыл, эркектер үчүн 20 жыл талап кылынат.

Алардын катарына авиаяциялык техниктер, май куюучу станциянын кызматкерлери, радионавигациянын инженерлери жана башкалар. Мындай адамдардын тизмесин ушул жерден карасаңыз болот.

Мындай учурда жумуш берүүчү тарап Соцфондко талап кылынгандай эки жыл бою тиешелүү төлөмдөрдү которуп турууга милдеттеме алышы шарт.

Маанилүү нерсе: Баардык учурда адамдын жаш курагы өзгөчө маанилүү ролду ойнойт. Эгерде жашы жете турган болсо, эмгек стажы жетпесе деле пенсияга чыгууга укуктуу. Мындай учурда пенсиянын базалык бөлүгү белгиленген эреже боюнча азайып турат.

Аскер кызматкерлери

Аскер кызматкерлери пенсияга эрте чыга алышат. Алардын пенсияга чыгуусу атайын мыйзам менен ишке ашырылат. Буларга төмөндөгү тармактар кирет: 

  • Коргоо министрлиги
  • Улуттук коопсуздук кызматы
  • Чек ара кызматы
  • Прокуратура
  • Милиция кызматкерлери
  • Мамлекеттик өрткө каршы иштөө кызматы
  • Кылмыш жаза мекеме кызматкерлери
  • Банги зат менен иштөөчү мамлекеттик органдар
  • Финансылык полиция
  • Транспорт жана байланыш министрлигинин байланыш кызматы

Жогоруда аттары аталган мекеме ишканалардын ар биринин пенсиялык бөлүмдөрү бар бирок алар Соцфондко акча которушпайт. Алар пенсияны республикалык бюджеттен алышат. Эгерде аскер адамы пенсияга чыккандан кийин жарандык кызматта иштей турган болсо, анда ал пенсиясына кошумча төлөмдү Соцфондон алууга укугу бар.


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: