© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: «Башыма жоолук салынып алып деле чуркай берем»

Кыргызстандын түштүгүндѳгү Ош шаарынын кыздарына алардын диний ишенимдери карьералык жактан ѳсүүгѳ эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Башына жоолук салынган кѳптѳгѳн айымдар стереотиптерди бузуп, ар түрдүү кесиптер боюнча ийгиликке жетишип келет. Алар жогорку окуу жайларында билим алышат, спорт менен машыгышат, ал тургай зергерчилик менен дагы алектенишет.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


English На русском

Азимкан Маликова, жеӊил атлет, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун 3-курсунун студенти:

Азимкан Маликова. Photo: CABAR.asia

— Башыма жоолук салынганымда, ата-энем менин чечимиме эч кандай каршылык кылган жок. Окуу жайдагы тааныштарым менин мындай ѳзгѳрүүмѳ таӊ калып, себебин сурап жатышты. Дене тарбиядан берген эжейибиз: «Эмне үчүн хиджаб кийип алдыӊ? Сен чуркап жүрбѳдүӊ беле, алдыда кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишмексиӊ да?», — деген суроо берди. Мен болсо, башыма жоолук салынып алып деле чуркай береримди жана жеӊил атлетика менен машыгууну уланта тургандыгымды айттым.

Менин спорт менен машыгып жатканымды кѳргѳндѳр ар кандай мамиледе болот. Кээ бири муну абдан жакшы кабыл алат. Ал эми кээ бирѳѳлѳр  хиджаб кийген соӊ, үйдѳ эле отурганым туура болот эле деген пикирде. Мен мындай ой-пикир жана мамилелерге кѳнүп калдым. Менин оюм боюнча, адам эӊ эле биринчиден ѳзү үчүн туура жүрүүгѳ тийиш.

Менден сырткары.,хиджаб кийген башка кыздар да бар. Бул жерде намаз окуу үчүн бардык шарттар түзүлгѳн. Ѳткѳн жылы биздин команда Бишкекте жогорку окуу жайларынын арасында ѳткѳн таймашка катышып, биринчи лиганын кубогун жеӊип алып, жогорку лигага чыккан. Таймаш быйыл ѳтѳт.

Бул номиналдык түрдѳ гана жеӊил атлетика, чындап келгенде спорттун бул түрү ѳтѳ чоӊ күч-аракет менен эмгекти талап кылат. 


Окуӊуздар: Кыргызстанда жоолук салынган аялдар да ийгиликке жете алат

Кыргызстанда мектептерде, жогорку окуу жайларында же болбосо мамлекеттик мекемелерде хиджаб кийүүгѳ расмий түрдѳ тыюу салынган эмес. Бирок, башына жоолук салып жүргѳн мектеп окуучулары жана мугалимдери дискриминация менен түшүнбѳстүктѳргѳ кабылган учурлар байкалууда. 

Ошентсе да, жакында эле Ислам таануу институту тарабынан ишке ашырылган  изилдѳѳнүн  жүрүшүндѳ ѳлкѳнүн жаштары Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана мусулман калкы үчүн түзүлүп берилген шарттарга байланыштуу абалдын Борбордук Азиянын башка мамлекеттерине салыштырмалуу кыйла жогору экендигин билдиришкен.

Шайыргүл Зулкупарова. Photo: CABAR.asia

Шайыргүл Зулкупарова, үч баланын энеси, жогорку категориядагы тиш дарыгери, 19 жылдык тажрыйба ээси. Ош шаарынын №2-стоматологиялык клиникасында эмгектенет.

— 2015-жылы эжем катуу ооруп, Индиядан операция жасатууга туура келди. Бардыгы ийгиликтүү ѳттү. Бул ѳлкѳдѳ динге кѳбүрѳѳк кѳӊүл бурулат экен.

Операция жасалган клиникада иштеген белгилүү дарыгер ѳз динин бекем туткан киши экен. Башына селде оронгонун кѳргѳндѳ, ички сезимимде бир ой пайда болду. Мен ѳзүмѳн «Тийиштүү түрдѳ кийинбеген кандай мусулманмын?» деп сурадым.

Индиядан кайтып келген соӊ, жамынып жүрүүнү чечтим. Бул оӊойго турган жок. Ал учурда Ошто жоолукчан саналуу гана аял бар эле.

Шайыргүл Зулкупарова. Photo: CABAR.asia

Менин чечимимди жолдошум жана балдарым түшүнүү менен кабыл алышты. Бирок, жумушта кесиптештерим тарабынан түшүнбѳстүктѳр болуп жатты. Кээ бирлери:  «Беш маал намаз окуганыӊды кѳрсѳтүү үчүн чүмкѳнүп алдыӊ», —  деп да айтышты. Муну мен элге кѳрсѳтүш үчүн кылбаганымды, бул Алланын буйругу экендигин айтып жаттым.

Иштеп жаткан учурда бейтаптардан мен намаз окуганча күтүп турууларын суранам. Буга алар сый-урмат жана түшүнүү менен карашат. Кээде бардыгына кантип жетишип жаткандыгымды да сурап, таӊ калышат.

Жоолук салып жүрүү – бул жоопкерчилик, ага татыктуу болууга аракет кыласын. Сенин жүрүш-турушуӊ, аткарган ишиӊ башкалар үчүн жаман үлгү болуп калбасын дейсиӊ.


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан 2016-жылы жүргүзүлгѳн социологиялык изилдѳѳнүн натыйжасында ар бир үчүнчү кыргызстандык хиджаб кийген аялга жакшы кѳз караш менен мамиле жасагандыгы аныкталган. 

Орозгүл Кѳчкѳнова, Ош шаарындагы аксессуарлар дүкѳнүнүн ээси, англис тили боюнча репетитор, эки кыздын энеси:

Орозгүл Кѳчкѳнова. Photo: CABAR.asia

— Хиджаб кийгенге чейин мечитте намаз окуу үчүн жаныма ылайыктуу кийим салып жүрчүмүн. Үч күндүк даабатка чыгып келгенден кийин толугу менен жамынууну туура кѳрдүм.

Кыздарым бир аз таӊ калышты, бирок башка туугандарым менин чечкиндүүлүгүмдү колдоп, кубанышты. Алгач жоолукту туура салынууда кыйынчылыктар болду, ашыкча убактыӊ кетет. Азыр болсо, бул – мен үчүн абдан жѳнѳкѳй жана оӊой иш.

Бижутерия жасоо  — менин сүйүктүү жумушум. Бул ишти мен эч кимден үйрѳнгѳн жокмун, апамдан ѳткѳн жѳндѳмдүүлүк деп эсептейм.

Азыр кол ѳнѳрчүлүк жана бижутерия жасоо боюнча сабактарды ѳткѳрүп жатам. Курстарды 30дан ашык катышуучу аяктады. Окуучуларымдын кѳпчүлүк бѳлүгү – үйдѳ отуруп иштеген, хиджаб кийген айымдар. Менин убактым жетпей калган учурларда, менден түрдүү тапшырыктарды алып иштешет.

Ал эми ушул күнгѳ чейин хиджаб кийгениме байланыштуу кандайдыр бир түшүнбѳстүк же терс мамилеге кабыла элекмин.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.