© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: адамдык ресурстарды өстүрүү мектеп партасынан башталат

Билим берүү системасы өлкөнүн экономикасы менен түзмө-түз байланышта,  билимдүү муун күчтүү экономиканы түзөрүн белгилейт эксперттер.


№16 орто билим берүү мектеби Бишкектин четирээгинде жайгашкан жана жаңы конуштар менен курчалып турат. Бул окуу жылында биринчи класстагылар үчүн үч класс ачылды, андан көп ачууга долбоордун кубаттуулугу жол бербейт. 

Атын атагысы келбеген Бишкектин тургуну уулун сапаттуураак билим берген гимназия-мектепке окутууну каалаган, бирок андай мектептердин баары үйүнөн алыс жайгашкан. Ошондуктан, уулу 1-сентябрда №16 мектептин босогосун аттады.

“Гимназиялардын көбү шаардын борборунда жайгашкан, ал эми бала өзү коомдук транспортто барып келе албайт, экинчи жагынан бул кооптуураак дагы. Мектепке ташыган адам жок, ошого үйдүн жанындагы мектепке окутууга туура келди”, – дейт ал.

Биринчи класстардын бардык үч классында тең 50 чактыдан бала окуйт. Окуу кабинеттери тар: биринчи парта доскадан бир кадам эле аралыкта жайгашса, ал эми акыркы парта болсо арт жактагы шкафка тийип калган. Мектеп администрациясы ушуну эле сунуш кыла алат.

Муктаждыкты жараткан жаңы мектептер

Билим берүү министрлигинин базалык планына ылайык, жалпы билим берүү мектебинин ар бир окуу классында 35тен, гимназияда – 30дан көп эмес окуучу окууга тийиш, ал эми жогорку класстарда окуучунун саны 20дан ашпашы керек.  

Балдардын санынын көптүгүнөн окуучулар эки, үч смена менен окуганга туура келет. Айрым мектептерде башталгыч класстар үчүн ийкемдүү күнтартиби бар “подсменалар” пайда болгон.

Бишкекте окуучулардын саны стандарттардын талаптарынан 10-20га көптүк кылат.

“Бүгүнкү күндө шаардын чет-жакасы ээнсиреп турат, ал эми борбор жагында адам кылкылдайт. Бир класста 50 окуучу окуп атса аларга эмнени үйрөтө аласың?” деп суроо салат Бишкектеги гимназиялардын биринин окутуучусу.

Окуучулардын көптүгү борбордун чет-жакасынын дагы көйгөйү. Шаар жаңы конуштар менен курчалган, ал конуштар болсо ички мигранттарга жык толгон.

Билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү изилдеген “Булан институт” аналитикалык борбору тез арада жаңы мектептерди салуу керектигин коңгуроо кагууда. Алардын эсебинде, дагы 200 мектеп куруу зарылчылыгы турат. Бул маалыматты борбор өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда билдиришти.

Президенттин аппаратынын CABAR.asia’нын журналисттерине билдиргенине караганда, кайрылуудан кийин Сооронбай Жээнбеков Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен жолугуп, билим берүү ситемасындагы эң курч көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырган.

Фото: president.kg

Билим берүү министрлигинин эсебинде, Кыргызстанга кошумча 670 мектеп керек, анын 51ин Бишкекке куруу зарыл.

Бул окуу жылда 27 жаңы мектеп эшигин ачты, 2018-жылдын аягына чейин Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги дагы 47 мектепти колдонууга берүүнү пландап жатат. Бирок, бул дагы маселени чечпейт.

“Булан институттун” маалыматына караганда, республикадагы мектептердин 60%ы 1980-жылга чейин курулган жана алардын акыбалы начар. Расмий түрдө, Кыргызстанда 192 мектеп авариялык абалда деп жарыяланды. Бирок чындыгында, авариялык абалдагы мектептердин саны буга караганда алда канча көп, себеби, имараттардын абалы начар болсо дагы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык абалда деген бүтүм чыгарып бербеген мектептер да бар.

Жаңы мектептерде 1-сентябрга чейин эле полдору сынып, шыптары түшө баштаган. Мунун баары тендерлердин таза эмес өткөндүгүнүн жана сапатсыз курулуш материалдарынын алынганынан болуп жатканы айтылат институттун кайрылуусунда.

Иштин жүгү көбөйгөн менен айлык көбөйгөн жок

Кыргызстанда ансыз деле мугалимдер жетишпейт, калган мугалимдердин иши эки эсеге көбөйгөн. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 81 миң педагог иштейт, мектептерге дагы 2 миң окутуучу жетишпейт.

Классында 52 окуучу окуган мугалим бир класстын ордуна эки класстын окуучуларын окутуп атканын айтып тамашалайт. Иштин жүгү эбегейсиз, ал эми айлык-акы баягындай эле. Мугалимдин орточо айлык-акысы бүгүнкү күндө 11 миң сомду түзөт (159$).

2011-жылы мамлекет мугалимдердин акысын окутуунун саатына жараша эсептөө ыкмасын киргизген. Башталгыч класстардын сабагынын баасы өйдөрөөк. Аны менен катар, дептер текшерүү, устаттык, класс жетекчилик, методикалык даярдануу сыяктуу сабактарга даярдыкка дагы өзүнчө төлөмдөр пайда болгон. ЭККнин алкагында (эмгекке катышуу коэффициенти) көрсөткүчтөргө жараша сыйлык-акы алса болот.

Бирок, серепчилер саатына төлөгөн ыкма эмгекти актабайт деп эсептешет.

“Бирдиктүү тарифтик торчо системасын кайтаруу зарыл, мамлекет болсо мугалимдерди 20 миң сомдон ашык айлык-акы менен камсыз кылышы керек” деп билдирет “Булан институтунун” серепчилери.

Мектепте иштегиси келгендердин саны көп эмес, андыктан педагогикалык билими жок болсо дагы жогорку билимдүүлөрдүн баарын мектепке тартышат. Аларга  Арабаев атындагы КУУдан экинчи жогорку билимди алууга мүмкүнчүлүк сунушталат.

“Булан институттун” белгилегенине караганда, педагогикалык факультеттерге негизинен Жалпы республикалык тестирлөөдөн төмөн упай алып калган абитуриенттер тапшырышат. Анын үстүнө, дистанциялык окуу системасын киргизгенден бери, “айрым мугалимдер практика жүзүндө минималдык дагы билим албай туруп дипломдун ээси болуп калышууда”.

Ыктыярдуу (эмес) акча жыйноо

Мугалимдердин айлык-акысы гана эмес, жалпы эле мектепти каржылоо жетишсиз.

Жыл сайын мектептерди косметикалык ремонттоодон өткөрүүгө мамлекет 100 млн сом бөлөт. Орто эсеп менен бир мектепке 40 миң сомдон туура келет. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары дагы капиталдык ремонтторду жасоого салым кошот. Ошого карабай, Кыргызстандагы ар бир ата-эне өлкөнүн Конституциясында билим берүү бекер деп жазылып турса дагы окууга акча төлөш керектигин билишет. 

Мектепке жардам, тазалоого, кароолго, окуу имаратын ремонттоогощэ жетишсиз китептерди сатып алууга чогулта турган акчалар ата-эненин мойнунда. Мектептин терезесин, пардасын жана башкаларды алмаштырып берген учурлар дагы болот.

Билим берүү министрлигиг ата-энелерден акча ыктыярдуу түрдө гана ата-энелер кеңеши аркылуу чогултуларын айткандан тажабайт. Ал кеңеш акчаны кандай сарптап жатканын отчет берип турушу керек.

“Ар бир окуу жылынын башталышында кайсы бир бирикмеге мүчө болуу тууралуу арыз жазабыз жана ар ай сайын кайсы бир сумманы төлөп турууга милдеттенме алабыз”, – дейт эки окуучунун апасы.

Мектепке кирүү канча турат?

“Ыктыярдуу төлөм болсо, анда төлөбөй деле койсок болот экен деп чечтик жолдошум экөөбүз. Кийин биздин уулубузду буга чейин бир күн дагы башталгыч класстарды окутпаган эң чабал педагогго бөлүп койгону билинди”.
Мектептеги билим берүүнүн көйгөйү бала 1-класска кире электе эле башталат. Баарынан мурда мектепке кириши дагы өзүнчө маселе.  Мекем муниципалдык болсо дагы мектепке кирүү үчүн акы төлөө керектигин бишкектиктер жакшы билишет.

Биз баласын мектепке киргизүү үчүн акча төлөгөн ата-энелер менен маектештик. Ошол мектептерде дагы деле окуп жаткан балдарга зыяны тийип калбасын деп алар аттарын атоодон баш тартышты.

Коомчулук тарабынан көңүл буруу катуу экенин эске алып мектеп администрациялары акча чогултуунун жаңы ыкмасын “мыйзамдаштырып” алышкан – ал акча бир жолку демөөрчүлүк катарында банктык эсепке которулат. Жетекчилик чогултулган акчаны мектептин муктаждыктарына иштетерине милдеттенет,  бирок алардын максаттуу пайдаланылганын текшерүү мүмкүн эмес. Демөөрчүлүк төлөмдүн баасы мектептин жана райондун престиждүүлүгүнө жараша.

Мектепке кирүү үчүн бериле турган  “шапке” – 30 миң сомго чейин жетет (434$). Биз маалымат чогултуп жүргөндөгү уккан эң бийик чек ушул болду, балким андан дагы бийиктир.

Бул төлөмдү төлөбөй коюуга дагы мүмкүн экенин практика көргөзүп келет. Мындай учурда баланы чабал класска, тажрыйбасы жок мугалимге бөлүп коюшат.

Мамлекеттик мектептерге альтернатива

Жыл сайын Кыргызстанда жеке мектептердин саны өсүп келе жатат. Суроо-талап сунушту жаратат. Бир канча жылдар мурда баласын жеке мектептен окуткусу келгендердин саны азырак болчу, көпчүлүгү окуу акысын төлөй алышчу эмес. Бирок, акыркы учурда алардын саны өстү.

“Айылда жеке лицей-мектепте мугалим болуп иштейм. Окуучулардын 90%ы сырттагы мигранттардын  балдары. Өлкө аймагынан чыккандан кийин алар билим адам үчүн кандай маанилүү экенин түшүнүшөт.  Экинчи жагынан акыркы кезде туугандарына таштаган дагы кооптуу болуп турган учурда баласын лицейге окутса, ал 24 саат бою камкордукта болот.  Катардагы айылдык үчүн баласын жеке мектептен окутуу оор”,  – дейт жеке мектептин мугалими Гүлзат Байгазинова.

Болочоктогу окуучунун ата-энеси жеке мектептерди тандаардан мурда өзүнүн мүмкүнчүлүктөөрүн тыкыр эсептеп чыгышат жана оң-терс жактарын талдап көрүшөт:

Жеке мектептердеги окуунун баасы айына 10-15 миң сомдун тегерегинен бир жылга бир нече миңдеген долларга чейин.

Мисалы, Cambridge Silk Road International School жеке мектебинде окуунун баасы бир жылга 9-11 миң доллар (классына жараша).  “Билимкана” мектебинде окуу акысы жылына 180 миң сом (2600$га жакын), аймактарда бул баа арзаныраак.

“Жеке мектептерде мугалимдердин айлык-акысы көбүрөөк, иштин жүгү дагы жеңилирээк экени педагогдорду өзүнө тартат. Мисалы, “Сапат” мектептеринин тармагында (түрк лицейлери) мугалимдер 35 миң сомдон өйдө айлык алышат.  Ата-энелер комитеттери жардам берген гимназиялар менен мектептерде күчтүү мугалимдерге ар бир окуткан окуучусу үчүн 100 сомдон 600 сомго чейин кошуп төлөп берүү менен кармап турушат. Ата-энелер комитетинин жардамы жок мектептерде болсо математика, физика сыяктуу предметтерден окутуучулар жок.  Бишкекте орус тилинде окуткан башталгыч класстардын мугалимдери жетишпейт. “Статустук” эмес мектептердин окуучулары бар мугалимдерге канаат кылып окуй беришет, ата-энелери дагы көп кийлигише беришпейт, бирок билим берүү тармагындагы кырдаалга алар дагы нааразы”, – деп белгилейт Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешинин серепчиси Алмаз Тажыбай.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева (солдо) жана анын орун басары Надира Жусупбекова. Фото: Асель Сооронбаева

Орто мектептердеги көйгөйлөргө багытталып сентябрь айында өткөн маалымат жыйында Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева CABAR.asia’нын журналисттеринин жеке мектептердин жалпы билим берүү тармагындагы ролу тууралуу берген суроосуна жооп берип жатып, Бишкекте жана республика боюнча жеке мектептердин түйүндөрүнүн көбөйүшүн кубаттаарын билдирди. Бул жакшы тенденция экенин, ата-энеде өзүнүн баласы үчүн тандоо пайда болорун айтты министр айым. Муну менен катар эле, мамлекеттик саясат жалпы орто билим берүү мектептерин колдоого жана күчтөнтүүгө багытталганын кошумчалады.

Бетме бет

Билим берүү системасы өлкөнүн өнүгүүсү менен түзмө-түз байланышта  экенин айтат CABAR.asia  аналитикалык мектебинин серепчиси Роза Дүйшеева.

Мамлекет мектептеги билим берүү системасынын өнүгүүсүнө канчалык инвестиция кылса, өлкөнүн жарандары анын бекемделишине ошончолук салым кошот.

Анын айтымында, негизги керек болгон реформалардын бири мугалимдердин айлык-акысын жогорулатуу. Бул өз кезегинде билим берүүнүн сапатына таасирин тийгизет.

“Билим берүү системасы өлкөнүн экономикасы менен түзмө-түз байланышта,  билимдүү муун күчтүү экономиканы түзөт”, – дейт Дүйшеева.

“Булан институт” өз кайрылуусунда мектептердеги көйгөйлөрдү азыр жана токтоосуз чечиш керектигин айтат. Билим берүү министрлиги көйгөйлөр бар экенин мойнуна алат, бирок келечекке коркунуч туудурбайт деп эсептешет.

“Мугалимдердин азыркы мууну аз даярдыктан өткөнү аз келгенсип, педагогдук кызматка берилбеген адамдар. Алар жеңил жолун, жеңил акчаны издеп, кошумча жүктөн качышат”.
“Кыйынчылык болуп турган 90- билим берүү тармагы талкаланган жок, биз мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин тармактарын сактап калдык. Мугалимдер айлык албай калса дагы, окуу мекемелери ишин уланта берди”, – деп билдирет Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Зоя Пак.

Билим берүү системасын жакшыртууга бардык аракеттерин көрүп жатканын дагы айтат бул мекеме. Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, жаңы мектептерди куруу, педагогикалык курамдын квалификациясын жогорулатуу,  мугалимдерди аттестациядан өткөрүү, жаңы муундагы китептер менен камсыздоо, долбоорлорду ишке ашырууда демөөрчүлөрдү жана инвесторлорду тартуу, мугалимдердин эмгегине стимул берүү жана башка аракеттер.

Фото: president.kg

Ошого карабай, иш жүзүндө акыбал мурдагыдай начар бойдон калууда. Буга байланыштуу “Булан институт” президент Сооронбай     Жээнбеков Коопсуздук кеңешти чакырып, мектептеги билим берүү маселесин стратегиялык маселе катары кароону суранды.

Бейөкмөт уюмдун айтымында, азыркыдай ыкма менен жүрүп отурсак 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын билим берүү системасы талкаланышы мүмкүн жана “мектептеги көйгөйлөрдү тезинен чечүү боюнча чараларды көрүү зарыл”. Муну менен катар, жөн гана формалдуу түрдө жыйын чогултуп коюу жетишсиз экенин айтып, “мугалимдердин добушун угуу үчүн алар менен бетме бет жолугушуу керектигин белгилейт.

Бул пикир менен 20 жыл билим берүү тармагында иштеген борбордогу гимназиялардын биринин окуу бөлүмүнүн башчысы макул экенин билдирет.

“Тармак азыр эле талкаланып жатат. Менин муунумдагы советтик билим алган мугалимдер кетсе эле билим берүү тармагы кулайт. Себеби, мугалимдердин азыркы мууну аз даярдыктан өткөнү аз келгенсип, педагогдук кызматка берилбеген адамдар. Алар жеңил жолун, жеңил акчаны издеп, кошумча жүктөн качышат”, – дейт ал.

Билим берүү министрлиги бул тармакка жаңы билим берүү стандарттарын киргизүүгө аракеттенгени менен, анын акыбети кайта электигин кошумчалайт окуу бөлүмүнүн башчысы.


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: