© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

«Келгиле адам бололу» «көрүстөндөгү вандализм»

Өлкөдөгү бир катар эксперттер Кыргызстанда өзгөчө көңүл экстремизм жана терроризм маселелерине бурулуп, диний сабырдуулук, түрдүү диндердин өкүлдөрүнүн ортосундагы баарлашуу, алардын бири-бирин басмырлоосуна жол бербөөнү алдын алуу  маселелери экинчи планга чыгып калгандыгын  белгилеп жатышат.


11-январда Кыргызстандын Ыссык-Көл облусунун  Ананьево айылында кимдир бирөөлөр православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кетишкен. Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнүн  маалымат кызматы окуя орун алган жерде милиция кызматкерлери маркумдарга коюлган 35 жыгач, 2 мрамор эстеликтин талкалангандыгын аныкташкандыгын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар жабыркаган көрүстөндөрдүн саны 89 экендигин айтып чыгышты.

Белгилей кетчу нерсе бул көрүстөндөрдү кыйраткан биринчи көрүнүш эмес.  2016-жылы вандалдардын колунан Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы христиандардын көрүстөнү жабыркаган. 2017-жылдын аягында Ошто милиция кызматкерлери  узак мезгилдерден бери жергиликтүү мусулман көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап жүргөн 28 жаштагы жергиликтүү тургунду кармашкан. Кармалган адам буга чейин 51 көрүстөн эстелигин талкалаган, деп шектелген. Ал адам өз аракетин, «көрүстөнгө эстелик орнотууга болбойт, ал чоң күнөө жана өлгөн адам андан кыйналат», деп түшүндүргөн.

Эске сала кетчү нерсе, буга чейин Кыргызстанда прозелит-кыргыздарды көмүү жөнүндөгү маселе бир нече жолу көтөрүлгөндүгү элдин эсинде. Анда протестант динин карманган адамдын сөөгүн жергиликтүү көрүстөнгө көмүүгө жергиликтүү тургундар тоскоолдук кылышкан.

Аны бул шилтемеден окуңүз: Прозелит-кыргыздардын тагдыры: сабалгандар, үч ирет көмүлгөндөр

Көрүстөн мал жайуучу жайыт катары

Алина Фадеева. Өздүк архивден алынган сүрөт.

Алина Фадеева Талас шаарынан, учурда Москвада жашайт. Ал шаардагы көрүстөн малдарды жауучу жайытка айлангандыгы тууралуу айтып берди.

– 2018-жылы мен өзүм туулган Талас шаарына эки жолу бардым жана  ошол шаардын көрүстөнүндө дайыма  мал жайып жүрүшкөнүн көрдүм. Көрустөндүн чеги кашаа менен тосулган эмес. Кыргызстандагы башка көрүстөндөрдөй эле, корукчусу да жок болгондуктан, көрүстөндүн жыгач кресттери талкаланып, көрустөндүн үстү жана жака бели малдын боктору менен булганып, мал буттарынан көрүстөндөр жабыркап топурактары ылдый түшүп кеткендигин көрдүм.

Өткөн жайда ошол көрүстөнгө экинчи жолу барганымда да малчы топ койлорун ошол көрүстөнго карай жайып, айдап жүргөнүн  көрдүм. Менин камерага тартып жатканымды көрүп ал ошол замат четке бурулду. Учурда мен Кыргызстанда эмесмин, бирок ушул жарым жыл аралыгында бир нерсе өзгөрүлдү деп айта албайм.

Менин бардык нерсем мекенимде калды – менин ата-энемдин, чоң-ата, чоң-энемдин  көрүстөндөрү. Ошол көрүстөгө барганда мен үчүн ыйык болгон жер, менин ата-энем жаткан жердин жайытка айланып жатканын көргөн учурдагы менин моралдык –эмоционалдык абалымды сүрөттөп берүү кыйын.

Бул көрүстөндө жаткандардын көпчүлүгүнүн туугандары биротоло кетип калышкан жана эч ким алардын тосулган көрустөнүнүн жанында тура алышпайт. Келгиле адам бололу, бир күнү биз да акыркы сапарга аттанган күн  келет эмеспи.

Көрүстөн ал жерде жаткан маркумдардын туугандары жана пенсионерлер топтогон коражат менен эмес, мыйзамда каралгандай бюджеттин эсебинен тосулуп корголот деп, үмүттөнөм. Ал жердеги көрүстөндө  1880-жылдардан бери каза болгон адамдардын сөөктөрү жатат. Көпчүлүк маркумдардын туугандары да калбай калды.

Ананьеводо орун алган окуядан кийин Кыргызстандын премьер-министри күнөөлүүлөрдү таап, жоопко тартуунун буйруду. Алина бийлик өлкөдөгү башка көрүстөндөрдөгү абалды тартипке салат, деп үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Конфликтпи же вандализмби?

Учурда Ананьеводо жабыркаган кресттерди жана эстеликтерди калыбына келтирип жатышат. Буга жергиликтүү бийликке Бишкек жана Караколдогу провослав чиркөөлөрү көмөк көрсөтүшүүдө.

Ананьево айылындагы провослав көрүстөнүндөгү талкаланган эстеликтер. Сүрөт: Надежда Усова.

Диндер аралык конфлик жөнүндө азырынча эч ким үн ката элек: жергиликтүү тургундар жана милиция деле. Ал эми  дин таануучу Индира Асланова мындай дейт:

Коомдук талкууларда, ислам жана провослав салттык диндер деп, дайыма баса белгилеп айтышат. Бул өңүттөн алганда, провослав көрүстөнүндө орун алган вандализм  көп суроолорду жаратат. Мындай көрүнүштү түздөн-түз диндер аралык араздашуу, деп айта албайм. Кандай мотивдер болгондугун дагы кененинээрк иликтөө керек, мүмкүн бул жөн гана хулигандык иш аракеттир.
Анын айтымында, учурда экстремизм жана терроризм көйгөйлөрүнө көп көңүл бөлүнүп, ал эми диний толеранттуулук, диндер аралык баарлашуу, диний укуктардан ажыратуу маселелери экинчи планга чыгып калды.

Роза Дүйшеева. Photo: CABAR.asia

Ал эми CABAR.asia порталынын аналитиги  Роза Дүйшеева, көйгөй мындай кыйратууларды кимдер жасады же алардын артында кимдер турат, деген маселеде эмес, вандализмди канткенде болтурбай коюга болот, деген маселеде , деп эсептейт.

«Албетте кылмыш жаза кодексинде бул боюнча атайын берене бар. Менин оюмча эгерде адамдын ички маданияты жетишсиз болсо, анда адамды ар кандай катаал айыптоолор менен деле токтотууга болбойт. Андыктан жарандык коом анын ичинде дин кызматкерлери мамлекеттик бийлик менен биргелешип калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл», дейт Дүйшеева.

Мүрзөнү талкалоо сыяктуу көрүнүш исламга жат нерсе.
Кыргызстанда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан түзүлгөн диндер аралык комиссия бир топ жылдардан бери иш алып барып келет. Аталган комиссиянын эң башкы максаты диндер аралык мамилелерди жакшыртууга жетишүү. Дүйшееванын айтымында, аталган кеңеш өлкөдөгү түрдүү диндердин арасындагы мамилени жакшыртуу максатында алгылыктуу иш алып барууга жөндөмдүү.

Бул тууралуу ушул жерден окуңуз: Кыргызстанда диндер аралык баарлашуу: жетишкендиктер жана келечектеги аракеттер

Кадыр Маликов. Photo: Facebook

Теолог Кадыр Маликовдун пикиринде, Ананьевадагы окуя бул орустар менен кыргыздардын ортосундагы мамилени диний негизде бузуу максатында күн мурунтадан пландаштырылып жасалган чагымчыл иш чара.

«Мындай ишти жасагандарды таап, жоопкерчиликке тартуу зарыл. Анткени бул маселенин артында өлкөдөгү улут аралык же диндер аралык мамиленин тагдыры  гана эмес, Кыргызстандын эл аралык коомчулуктун алдындагы кадыр баркы, ал тургай Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон мамилесинин келечеги турат», дейт Кадыр Маликов.

Ошондой эле Маликов башка улуттун өкүлдөрүнүн мүрзөсүн талкалап, кордоого ислам жол бербей тургандыгын кошумчалады:

Мүрзөнү талкалоо сыяктуу көрүнүш исламга жат нерсе. Мухаммед пайгамбарыбыздын доорунда деле башка улуттун өкүлдөрүнө тиешелүү храмдар, мүрзөлөр болгон. Пайгамбарыбыз же анын жактоочулары эч убакта башка динге ишенгендердин мүрзөсүн талкалоого жол берген эмес. Дегеле тарыхта мусулмандар менен христиандардын ортосунда мүрзөгө байланыштуу эч убакта чыр болгон эмес.
Эльмира Ногойбаева. Жеке Facebook баракчасынан алынган сүрөт.

Ал эми өлкөдөгү социалдык саясий процесстерди иликтеген адис Эльмира Ногойбаева жогорудагыдай көрүнүштөр тилекке каршы соңку мезгилдери мусулмандардын мүрзөлөрүнө карата деле жасалган учурлар кездешээрин белгилейт. Анын пикиринде мындай аракеттерди жасагандар  тилекке каршы өлкөдө улуттар аралык карама-каршылыкты чыгарууну  максат кылуусу толук ыктымал.

Талкаланган мүрзө биринчи кезекте Кыргызстандын жаранынын мүрзөсү, өлкөдөгү ар бир адам каза болгондо жер алдына берилиши жана анын мүрзөсү талкаланбашы керек
«Биринчи кезекте бул маселе боюнча өлкөнүн тартип коргоо органдары алектениши зарыл. Бул маселеге өлкө премьер-министри өз убагында көңүл бурганы жакшы болду. Эң башкысы маселе аягына чейин чыгабы же жокпу ошол маанилүү. Менин оюмча бул маселе бийликтин улуттар аралык же диндер аралык мамилеге болгон мамилеси эмес,  өлкөдөгү ар бир жаранга анын укуктарынын сакталышына болгон мамилеси кандай деген өңүттөн чечилиши зарыл. Анткени талкаланган мүрзө биринчи кезекте Кыргызстандын жаранынын мүрзөсү, өлкөдөгү ар бир адам каза болгондо жер алдына берилиши жана анын мүрзөсү талкаланбашы керек», дейт Ногойбаева.

Ананьевадагы мүрзөнүн талкаланышы боюнча иликтөө тобу түзүлүп, териштирүү башталды. Кылмыш кодексинин «каза болгон адамдын мүрзөсүн талкалап, анын жансыз денесин кордоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Эгерде ким жасаганы табыла турган болсо, ал адамга 60 миңден 80 миң сомго чейин айып пул салынат жана 40 сааттык коомдук иш аткарууга милдеттендирилет.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: