© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

«Достук» көзөмөл-текшерүү пункту аркылуу өткөн товар агымы: жымжырттык, бум, ылдыйлоо

Кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл бошоңдогондон бери бир жылдан ашуун убакыт өттү. Бул аралыкта «Достук» өткөрүү пунктун эки миллиондон ашык адам кесип өттү – аталган көрсөткүч өлкөлөр ортосундагы мамиле жакшырганга чейинки ушундай мезгил аралыгы менен салыштырганда, дээрлик жети эсеге көп. Бул туугандык байланыштардын бекемделишине, чек арадагы кезек күтүүлөргө жана товар жүгүртүүнүн өсүшүнө таасирин тийгизди.


2017-жылга чейин Өзбекстан Кыргызстандан айырмаланып, чек арага жакын ройондордун

 жашоочуларын  телеграмма болсо гана киргизчү

2017-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы  ири «Достук» өткөрүү пункту эки тараптуу түрдө ачылып, ал Ош жана Анжиян шаарларынын ортосунда жайгашкан. Эгер мурда чек араны кесип өтүш үчүн алдын-ала Өзбекстандагы туугандардан  телеграмма түрүндөгү чакыруу алуу  жана сапардын максатын (үйлөнүү той, маркумду акыркы сапарга узатуу же башка олуттуу жагдайлар) көрсөтүү зарыл болсо,  эми кыргызстандыктарга телеграмма күтүп отуруунун кажети жок. Алар каалаган мезгилинде «Достукту» кошумча документтерсиз эле тоскоолдук жок кесип өтө алышат.

Наргиза Маратова он жыл мурун Ташкенттин жашоочусуна күйөөгө чыккан. Ал учурда Наргиза Ошто жакшы жумушта иштечү, ошондуктан үйлөнүү тоюнан кийин ал да, жубайы да өз жарандыктарын алмаштырган эмес. Орус тили мугалими жана анын жубайы адегенде Кыргызстанда жашап турушкан. Бирок ооруп калган жубайы Ташкентке көчүп кетет – ал жакта дарыланууга жеңилдиктер берилмек. Оштун тургуну Наргиза эми Өзбекстанга көп каттай баштайт.

«Мурда «Достук» аркылуу өткөндө сөзсүз декларация толтурчубуз. Бизди чек ара жана бажы кызматтары кароодон өткөрчү. Өзбекстанга 10 доллардан ашпаган суммага товарларды алып өтүүгө уруксат берилчү.  Бардык буюмдарды кылдаттык менен карап текшерип чыгышып, өзүнчө кабинеттерде формачан кызматкерлер менен аңгемелешүү жүргүзүлчү. «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунан өткөн соң Өзбекстанда дагы үч кароо постунан өтүш керек болчу.  Бизди МАИ кызматкерлери токтотушчу, Намангандан өткөн соң ашуу бар – ал жерде чет элдик жарандар үчүн каттоо жүргүзүлүп, дагы бир жолу көзөмөлдөн өтчүбүз. Ал учурда бизге эле эмес, өзбекстандыктарга да кыйын эле. Шавкат Мирзиёевдин келиши менен бардык кароо постторун алып салышты. Азыр анын бири да жок», — дейт ал.

Чек ара режими жөнөкөйлөтүлгөндөн кийин

Өзбекстандын жарандары тиричилик техникаларын

сатып алуу үчүн  Кара-Сууга көп келе башташты.

Наргизанын кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүнүн жеңилдегени тууралуу сөздөрүн Ташкенттин тургуну Бахрам да ырастайт. Ал Ошко досуна жолугуу үчүн келген.

«Мен өзүм Ош шаарында туулгам, бирок 4 жашка чыкканымда үй-бүлөбүз Өзбекстанга көчүп кетти. Ошондон бери мен бул жерге көп деле келген жокмун. “Достук” ачылгандан кийин Ошто калган туугандарыбыз менен кайрадан байланышып катташа баштадык. Мына, бүгүн досторума жолугуп кетүүгө келдим», – дейт ал жылмаюу менен.

Бул күнү өзбек-кыргыз чек арасын  Бахрамдан сырткары дагы 10 миңге жакын адам кесип өттү. Алардын айрымдары Ошко үйлөнүү тойлорго же туугандарына мейманга келишкен. Бирок алардын 70%дан ашыгы – кара жумушта иштегендер. Аларды өзбек ишкерлери чек арадан товар ташып өтүү жалдашат, бул – бажы пошлинасын төлөбөй өтүүнүн жолу. 

«Өзбекстанда товарларды сатууга төлөнүүчү салык жогору, ижара акысы да арзан эмес.  Тиричилик техникаларынын баалары Кара-Суу базарындагы баалардан 20-100 долларга айырмаланат. Ошондуктан чек аранын ачылышы менен жергиликтүү ишкерлер товарды Кыргызстандан алып келе башташты. Бул үчүн алар «Достук» аркылуу товар ташып өткөрүп берчү адамдарды жалдашат. Үйдө бекер отургуча, адамдар ушундай жол менен акча табышат», — дейт Бахрам.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, жыл ичинде «Достукту» 2,2 млндон ашык адам кесип өткөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда, жети эсеге көп болуп саналат.

Фоторепортаж CABAR.asia: Фергана өрөөнүнүн ири базарындагы бир күн

Өзбекстанга товар алып кирүүдөгү чектөөлөр

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан  тартып Өзбекстандын өкмөтү физикалык жактардын автомобиль жолдору, жөө адамдар жүрүүчү жана темир жолдор аркылуу товар ташып өтүүсүнүн жаңы эрежелерин киргизди. Эми чек араны ар бир жолу кесип өткөндө товарлардын жалпы суммасы 300 доллардан ашпоого тийиш. Калган товарлардын (текстиль, кийим-кечек, кондитердик азыктар, азык-түлүк, автотетиктер, шаймандар жана тиричиликте колдонулуучу башка товарлар) салмагы 2 килограммдан оор болбошу керек, ал эми товарлардын бардыгы биригип 10 килограммдан ашпоого тийиш.

Бул түзөтүүлөр тиричилик техникасынын бардык ассортиментин чыгарган өзбекстандык «Артель» фирмасы импорттук товарларга карата чара көрүү өтүнүчү менен өлкө президентине кайрылгандан кийин кабыл алынган. Өзбекстандыктардын айтуусу боюнча, чек ара ачылгандан кийин өлкөдө ата-мекендик тиричилик техникасына болгон суроо-талап төмөндөп кеткен.

Бирок жаңы өзгөртүүлөр ишкерлер үчүн да, жалданма жумушчулдар үчүн да тоскоолдук боло алган жок. Эгер өзбекстандык уз Мариям Кара-Суу базарына соода-сатык кылуу үчүн мурда жалгыз келип жүрсө, жаңы эрежелер киргизилгенден кийин ал өзүнө жардам берүүгө  бир нече аялды жалдап келет.  

«Буга чейин болгон товарымды мен өзүм эле өткөрүп алчумун, азыр болсо аны бир нече аялга бөлүштүрүп берүүгө туура келүүдө, аларга мен белгилүү бир сумманы төлөп берем. Мекенимде чакан цехим бар, ага кездемелер керек. Бирок чектөөлөргө карабастан, азыр үч жыл мурункуга караганда жакшы болуп калды», – дейт ал.

Пошлинасыз товарлар

Мурда «Достукта» кезек күтүүлөр сейрек көрүнүш болсо, азыр ага күн сайын күбө болобуз. Паспортттук көзөмөл үчүн орнотулган алты кабина жүргүнчүлөрдүн агымын тейлеп үлгүрө албагандыктан, өткөрүү пунктунда дагы 16 кабина кошумча орнотулду.

Көзөмөл-өткөрүү пунктунун айланасында тез тамактануу жайлары пайда болду, акча алмаштыруучу пункттар тынымсыз иштеп жатат, унаа токтотуучу жайлар транспортко жана адамдарга толгон.

Анжиян областынын тургуну  Шохрух эки айга жакын мезгилден бери чек арада товар ташып өткүч болуп эмгектенүүдө.  Алты айча мурун Москвадан кайтып келген. Ал жакта жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп эмгектенчү, бирок эмгек акысын азайтып салышкандан кийин жана кызы ооруп калганда, мекенине кайтып келген.  Эми ушундай жол менен акча табууга туура келүүдө. «Кыргызстанга мөмө-жемиштерди алып келем, ал эми Кыргызстандан   тиричилик техникасын, курулуш шаймандарын, кездемелерди, кондитердик азыктарды  алып кетем. Күнүнө 1000 сомго чейин табам.  Кезек көп болуп калганда, үйгө эртеси, таңга маал келем. Мен минтип көп иштебейм, жакында кайра Россияга кетейин деген ниетим бар», — дейт Шохрух.

Чек ара аркылуу товар ташып өткөн жарандар күнүнө 500 сомдон 1000 сомго чейин табышат. Чек арада иштегендердин көбүн аялдар түзөт.  Кээде кош бойлуу же эмизген наристелери бар аялдар да кездешет.  Алардын айтуусу боюнча, мекенинде жумуш жок болгондуктан, бул жерде иштөөгө аргасыз болуп жатышат.

«Биз жакшы турмушта жашасак, акча тапканы бул жерге келбейт элек. Эртеден кечке биерде отурабыз. Чек арадан өтүп баратканда айрым чек арачылар бизден акча талап кылышат, муну менен жасалма тыгын жаратышат.  Ал эми акча бергендерди кезексиз өткөрүп жиберишет.  Ага кошумча, кыргыз тарапта айрым терезелер иштебейт.  Эгер бардыгы иштсе, жакшы болот эле», — деген сөздөрдү айтты аялдардын бири.

Мен аларга: «Чек ара аркылуу товар ташып өтүү менен ушул жерде алектенишеби?» деген суроо менен кайрылганда, адамдар менин товарым бар-жогун сурашты. Көптөрү интервью бермек түгүл, сүйлөөдөн баш тартышты.

Кытайдан Өзбекстанга

Кара-Суу базары – Кыргызстанда чоңдугу жагынан «Дордойдон» кийинки базар. Бирок өлкө ЕАЭБге киргенден кийин базар «сууй» түштү.  Кытайдан товар алып келүү бир кыйла татаал жана кымбат болуп калды.  Ошондуктан соодагерлер жок дегенде контейнерлердин ижара акысын жабыш үчүн бирди бирге улап оокат кылууга аргасыз болушууда.

 «Достуктун» ачылышына көп үмүт артышкан, бул боюнча соодагерлердин пикири ар түрдүү. Айрымдары сооданын өскөнүн сезишсе, башкалары өзгөрүүсүз калды дешет.

Азиз муздаткычтарды сатат, ал жаңы эрежелер киргенге чейин күнүнө 6-7 муздаткыч сатчу. Эми жолу болбогон күнү бир да муздаткыч сата албастан, үйүнө кайткан учурлар болууда: «Азыр өзбекстандык кардарларыбыз Кара-Сууга айына бир гана жолу келип калышты. Негизинен, техниканы кыздын себине деп алышат».

Тиричилик техникасын саткан дагы бир сатуучу Султан «Достук»  өткөрүү пункту ачылгандан кийин жергиликтүү соодагерлер кытайлык дүңүнөн сатуучулар менен атаандаша албай калышты деп эсептейт. Ошондуктан жергиликтүү соодагерлер үчүн  кыргыз-өзбек чек арасынын ачылышы олуттуу деле мааниге ээ эмес.

«Кыргыз ишкерлери товарын кытайлыктар берген баада сата албайт. Мисалы, кытайлар  100 долларга саткан товар менде  10 долларга кымбат турат. Демек, Өзбекстандан келген ишкерлер кимден сатып алат?», — дейт ал.  

Бирок Султандын пикирине  Тынчтык макул эмес, анткени азыр анын кардарларынын  60% ын Өзбекстандын жарандары түзөт.

«Мурда мен күнүнө 120 сыналгы сатчумун. Азыр болсо соода эки эсе кыскарды, бирок мен ага даттанбайм. Баары бир, чек ара ачылганга чейинки мезгилге караганда соода байкаларлык эле жанданып калды», — деп белгилейт ал.

Эксперттердин пикирлери бир беткей эмес

Кыргызстандык экономист  Эркин Абдразаков  кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү жөнөкөйлөтүлгөнүнө  байланыштуу, эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосундагы туугандык байланыштар жолго коюла баштады деген пикирин айтат. Анын сөздөрүнө таянсак, «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышынын дагы бир жетишкендиги болуп жарандыгы жок этникалык кыргыздарга өз инсандыгын иденификациялоого жана Кыргызстандын жарандыгын алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү болду.

Ошентсе да эксперт Кыргызстан үчүн экономикалык пайда түшкөнүн көргөн жери жок. Анын маалыматы боюнча,  алгачкы айларда Кара-Суу базарында соода көбөйгөн, бирок андан кийин базар «сууп» калды. Өзбек ишкерлери Кара-Суу базарына келбестен, Кыргызстандагы тааныш өнөктөштөрү аркылуу товарды Кытайдан түз алып келе башташты.

Экономистти Өзбекстанга аткезчилик жол менен ташылып өткөн пошлинасыз товарлардын тегерегиндеги кырдаал да тынчсыздандырат.  «Эгер азыр «Достукка» барсаңар, товарлар чек ара аркылуу пошлинасыз кантип ташылып өтүп жатканын өз көзүңөр менен көрө аласыңар. Өзбек ишкерлеринин товарларын өздөрүнүн жеке колдонуусу үчүн товарлар катары ташып өткөрүп берген жалданма жумушчулар бар. Алар бул кызматы үчүн белгилүү бир акы алышат. Бул схема ачык эле иштейт. Алар дагы өздөрүнүн ишин жашырышпайт. Экономикалык жактан алганда, «Достук» көзөмөл-өткөрүү пункту ачылганда биз ЕАЭБтин мүчөсү катары цивилизациялуу жол менен иштеп, аткезчиликти токтотушубуз керек эле», – деп белгилейт эксперт. 

Кыргызстандын Бажы кызматы жалданма жумушчулардын жүктөрдү ташып өтүү фактыларын расмий түрдө каттаган эмес.  Документтер боюнча алар ЕАЭБтин бажы кодексине ылайык жеке колдонуу үчүн  товарлар катары өтөт.

«Бажы көзөмөлү аймагында товарлардын Өзбекстандын жарандары болгон жүк ташыгычтар же жалданма жумушчулар тарабынан ташылып өтүү фактылары аныкталган жок.  Бажы көзөмөлү аймагынан сырткаркы  жерлерде бажы органдары тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөйт. «Достуктун» ишмердүүлүгү таркалган аймакта товарлардын аткезчилик жол менен ташылуусу катталган эмес», – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Өзбекстандык экономист, CABAR.asiaнын  аналитиги Дарья Угайдын пикири боюнча,  чек аранын ачылышы эки өлкө үчүн тең экономикалык стимул болуп калды. Анын маалыматына таянсак,  2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында коңшу өлкөлөр ортосундагы сырткы товар жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 5%дан ашык өскөн.

«Бул Өзбекстан үчүн экономиканын потенциалдуу эки натыйжасын бермекчи:

кызмат көрсөтүүлөр менен товарлардын экспортунун өсүшү, ошондой эле азык-түлүк эмес товарлардын импортунун өсүшү. Экспорт өзбек товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүн сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошол эле учурда Кыргызстандан товарларды импорттоо өндүрүүчүлөр ортосундагы ички атаандаштыктын өнүгүшүн өбөлгөлөйт», — деп эсептейт Угай.

Эгер 2017-жылга чейин «Достук» өткөрүү пунктунда кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү  абдан эле  кыйын болсо, азыр чек ара көзөмөлүнөн күнүнө 10 миңден 12 миңге чейинки адам өтүүдө. Ал эми базар күндөрү – ишембиде жана шейшембиде – адамдардын саны 18 миңге чейин жетет.

Эльвира Султанмурат кызы — CABAR.asiaнын  Аналитикалык журналистика мектебинин катышуучусу


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: