© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

«Бир дүйнө Кыргызстан»: биздин отчет экстремисттик материал эмес

Укук коргоочулар өзүнүн отчетторун Кыргызстанда экстремисттик деп табылган тизмеден чыгарууга Башкы прокуратура менен соттошуп жатат.


English На русском

«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюму Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимине даттанууга мүмкүнчүлүк алыш үчүн дээрлик жарым жылдай убакыт жумшаган.  2017-жылдын январь айында Фемида кызматкерлери мигранттардын укуктары тууралуу БУУнун комитетине жөнөтүлгөн отчетту жана «Зордук-зомбулук хроникасы: Кыргызстандын түштүгүндөгү (Ош аймагы) 2010-жылдын июнундагы окуялар» докладын экстремисттик деп тапкан. Бирок отчеттордун авторлору бул чечим тууралуу бир жылдан кийин билишкен.

Ушул жылдын октябрь айынын аягында гана Жогорку сот ишти биринчи инстанциянын кароосуна жөнөткөн.

Орусиядагы жана Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын абалы жөнүндөгү альтернативдүү отчет 2015-жылы чыккан. Анын авторлору – «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы» коомдук бирикмеси жана «Мемориал» дискриминацияга каршы борбору (ДКБ). Документте 2010-жылдагы окуялардын учурунда өлкөдөн качкан кыргызстандык өзбектер кош курмандыктар экени айтылган.  Алар паспортсуз кетишкен, андыктан Орусияда жана Казакстанда адам сатуунун курмандыктары болуулары мүмкүн. Ошондой эле укук коргоочулар орус бийлигинин аларды депортациялоо жана экстрадициялоо тууралуу чечимин сынга алышкан, бул алардын кыйноолорго жана адилетсиз сотко дуушар болуу коркунучуна шарт түзмөк.

«Зордук-зомбулук хроникасы: Кыргызстандын түштүгүндөгү (Ош аймагы) 2010-жылдын июнундагы окуялар» докладын  «Мемориал» укук коргоо борбору (жогоруда аталган «Мемориал» ДКБна тиешеси жок – авт.) Норвегия Хельсинки комитети (Norwegian Helsinki Committee) жана  Freedom House укук коргоо уюму менен биргелешип даярдаган. Документ 2010-жылдын 29-апрелинен 15-июнуна чейин түштүктө болгон окуялардын деталдуу хронологиясы болуп эсептелет.

Докладдын алдын-ала версиясын укук коргоочулар Кыргызстандын бийлигине 2012-жылдын февралында эле беришкен. Андан кийин аны жарандык активисттердин, юристтер менен эксперттердин талкуусуна алып чыгышкан. «Зордук-зомбулук хроникасынын» экземплярын «Мемориал» укук коргоо борборунун борбор азиялык программаларынын башчысы Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаевага да тапшырган.

Эмне үчүн аларды текшере башташты?

2016-жылдын мартында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) эки документти экспертизага жөнөткөн.  Ага эмне себеп болгону белгисиз. Ведомствонун өзүндө Жогорку соттун чечимине шилтеме берүү менен, кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартышууда.

Артур Медетбеков Сүрѳт: knews.kg

УКМК төрагасынын экс-орун басары Артур Медетбековдун айтуусу боюнча, атайын кызматтар материалдар боюнча текшерүүнү экстремисттик багытка ээ экендиги тууралуу маалымат же ага шек саноо болгондо жүргүзө башташат. Андан кийин аларды экспертизага жөнөтүшөт жана шек саноолор ырасталса, тергөө органдарына беришет.   

«Сигналдык, оперативдик мүнөздөгү материалдар болот, мында алар [УКМК], маселен, экстремисттик топторго же алардын жетекчилерине, болбосо башка укук коргоо органдарына, мына, биз экстремизмге шектелген кайсы бир уюмду же топту текшерип, иликтөөгө алып жатабыз деп билдирүүгө милдеттүү эмес.  Оперативдик сыр деген болот, — дейт Медетбеков. — Ал эми тергөөгө жеткенде, тергөө аны сыр кылабы же жокпу, өзү чечет. Эгер тергөө сыры болбосо, сурактын жүрүшүндө, жактоочуну жалдаганда, аларга [шектүүлөргө] кабарланып, билдирүү жөнөтүлөт.  Бирок ага чейин, иликтенип, текшерилип жатканда, ал тууралуу айтылбайт, тигил же бул уюмга кабарланбайт».

Ошентсе да, тергөө учурунда да, соттук угуулар жүрүп жатканда да укук коргоочуларга эч ким кабарлаган эмес.  Алардын ою боюнча, документтер шылтоо гана болуп саналат.

Виталий Пономарев. Сүрѳт: memohrc.org

«Чыныгы себеп болуп Кыргызстанда экстремизмге каршы мыйзамдарды кыянаттык менен колдонуу темасына болгон кызыгуубуз эсептелди. Бул УКМКнын ошол учурдагы жетекчилигине жаккан эмес. Башка да божомолдор болушу мүмкүн, анын баарын санап отурбайм. Эмдигиче расмий жооп ала элекпиз», — дейт «Мемориал» укук коргоо борборунун Борбор азиялык программаларынын башчысы Виталий Пономарев.

«Бул бийликтин үч структурасынын – УКМК, Генпрокуратура жана соттун — көз карандысыз уюмдарга каршы макулдашып жасаган иши. Буга биз эле эмес, биздин өнөктөштөрүбүз да кирет. Алар бизди бир нерсе менен каралоо үчүн ушул ишти чүргөшкөн. Донорлор өткөн-андан мурунку жылдарда бизди каржылабай калышты», — дейт «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова.

«Бир Дүйнө Кыргызстан» менен «Мемориал» — экстремизмге айыпталган алгачкы укук коргоочу уюмдар эмес. 2014-жылы УКМК Ош шаарында юридикалык жардам көрсөтүү иштерин алып барган «Эдвокаси центр» боюнча тергөө жүргүзгөн.  Анын кызматкерлери Кыргызстандын түштүгүндө сурамжылоо жүргүзүп, тергөө анын айрым суроолорун улуттар аралык араздашууну тутантуучу суроолор деп тапкан. Уюмдун офистеринде тинтүүлөр жүргүзүлгөн, мүлкү конфискацияланган, кызматкерлер менен кеңешчилерди суракка алышкан.  Кийинчерээк кылмыш иши токтотулган.

УКМК КР. Сүрѳт: ru.sputnik.kg

Талаш  корутунду

Эксперттердин мигранттар боюнча альтернативдүү отчетко берген корутундусунда кандайдыр бир араздашууга чакырыктар же терроризмдм актоо жок экени айтылган, бирок документти «субьективдүү, бир жактуу жана улутчулдук багытта» деп табышкан.  

«Аталган чакырык көшөгөлөнгөн мүнөзгө ээ, чыр-чатактын кыймылдаткыч күчтөрүнүн бурмаланган түшүнүк-элестери аркылуу берилген. Бул, өз кезегинде, кыргыз жана өзбек улутунун өкүлдөрүнүн ортосунда кастык мамилелерди жаратат», — деп айтылат филология илимдеринин доктору Азизбек Жусупбековдун корутундусунда.

Ал эми «Зордук-зомбулук хроникасы» доклады улуттар аралык кастыкты тутантуучу деп табылган. Эксперттер анда «улуттук, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты тутантууга багытталган чакырыктар» бар деп табышкан.

«Улуттук кастыкты тутантууга багытталган айтымдар орун алган, алар бир этностук топтун өкүлдөрүнүн башка этностун өкүлдөрүнө болгон кастык же жек көрүү сезимин пайда кылып, туруктуу каршылаштыкка өтүп кетүүчү ишенбөөчүлүктү, мамиленин үзүлүшүн, шек саноону пайда кылышы, башка этностук топтун өкүлдөрүнүн укуктарын чектөөгө же аларга каршы зордук-зомбулук аракеттерине чакырышы мүмкүн», — деп айтылат КР Улуттук Илимдер Академиясынын (УИА) адистеринин корутундусунда.

Виталий Пономаревдун пикиринде, жүргүзүлгөн экспертизалар бир кыйла күмөн саноону жаратат жана илимий экспертизалардын талаптарына ылайык келбейт. Анын айтуусуна караганда, адистердин бири докладды толугу менен окуган эмес, айрым бир гана үзүндүлөрүнө баа берген.

«Нарынбаева (лингвистикалык экспертизанын автору), УКМКнын мурунку жетекчилигинин буйругун аткаруу менен, дин, раса же аймактар аралык көйгөйлөрдүн маселелери докладда таптакыр каралбаса да, «бир улуттун табигый артыкчылыгы жана башкасынын толук кандуу эместиги, бузукулугу тууралуу ырастоолорду», «расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты тутантууга багытталган чакырыктарды» ж.б. бизге оодарып жазып коюудан уялган эмес», — дейт укук коргоочу.

Кандай болсо да, корутундулардын жыйынтыгы боюнча УКМК документтерди Генералдык прокуратурага жөнөткөн, ал болсо, өз кезегинде, сотко жиберген. Натыйжада, 2017-жылдын январында соттун отчетторду экстремисттик деп табуу тууралуу токтому чыккан.

Докладдардын авторлору соттун чечими тууралуу 2018-жылдын мартында, Кыргызстандын юстиция министрлигинин веб-сайтында экстремисттик материалдардын тизмесин мониторинг кылышып, ал тизмеден өздөрүнүн уюмдарынын аталыштарын: «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылы» жана «Мемориал» УКБ табышканда билишкен.

Юстиция министрлигинин веб-сайтынан алынган скриншот

Майдын аягында укук коргоочулар Октябрь райондук сотунун чечимине аппеляциялык арыз беришкен, бирок соттук коллегия алар даттануу мөөнөтүн негизсиз өткөрүп жиберишкен деп тапкан. 22-октябрда гана Жогорку сот алардын пайдасына чечим чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

«Сиздерге республикага кирүүгө тыюу салынган»

2016-жылдын июлунда, отчеттор боюнча текшерүү жүрүп жаткан мезгилде, укук коргоочу Виталий Пономаревго Кыргызстанга кирүүгө тыюу салышкан. Мындай чечимдин себеби тууралуу сурамы боюнча ал кырдаалга эч кандай түшүндүрмө бербеген формалдуу түрдөгү жооп алган: «Сырткы миграция жөнүндө» Мыйзамдын 7-ст. ылайык, мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу же коомдук тартипти сактоо кызыкчылыгы үчүн чет элдик жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына кирүүсүнө тыюу салынат».

«Укук коргоочулардын кирүүсүнө тыюу салуунун бир нече жолку окуялары — башкача ойлоону басуу линиясынын элементи». Виталий Пономарев

Ал республикага кирүүсүнө тыюу салынган биринчи адам эмес. Акыркы 5 жыл ичинде өлкө бийлиги укук коргоочулар Васила Иноятова жана Мира Ритманга, журналисттер Григорий Михайлов жана Крис Риклтонго  Кыргызстанга кирүүгө тыюу салышкан.

«Чет элдик жарандардын кирүүсүнө тыюу салуулар түрдүү себептер менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок укук коргоочулардын кирүүсүнө тыюу салуунун бир нече жолку окуялары — башкача ойлоону басуу линиясынын элементи», — деп эсептейт Пономарев.

Анын пикири боюнча, эки докладга тыюу салынышы жана алардын экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилиши да ушуга тиешелүү. Анын көз карашында, кыйла масштабдуу көйгөй болуп Кыргызстанда экстремизмге каршы мыйзамдарды кыянаттык менен пайдалануу эсептелет.

«Экстремисттик материалдарды» сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигинин азыр да болушу Кыргызстан үчүн маскаралык, уят болуп саналат. Жеке колдонуусу үчүн китепти же текст бар баракты сактаганы үчүн канча адам азыр түрмөдө отурат? Аймактагы «демократия оазиси» деген репутацияга ээ болгон өлкөдө ушундай иштер болушу мүмкүн экендигине чет өлкөлөрдүн көптөгөн юристтери ишенишпейт. Мындай укуктук ченем Кыргызстандан башка бир дагы постсоветтик өлкөдө жок, анын мыйзамда болушу  кыянаттык менен пайдаланууларга жана коррупцияга кеңири жол ачып берет», — дейт Пономарев.

Human Rights Watch өзүнүн докладында Кыргызстандын мыйзамдарында экстремизмге кеңири аныктама берилишин сынга алат. Мындан тышкары, «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы туруу жөнүндө» Мыйзам тыюу салынган материалдардын тизмеси толук бүткөн болушун талап кылбайт, ал мезгил-мезгили менен гана жарыяланып турушу керек. Ал эми мындай кырдаалдын коркунучтуу жагы – айыпталуучу өзүндөгү материалдардын тыюу салынганын билбеши ыктымал.

2015-жылы ой-пикир туюндуруу эркиндиги маселелери менен алектенген «Article 19» британиялык эл аралык бейөкмөт уюму белгилегендей, кыргыз мыйзамдарында экстремисттик материалдарга кеңири аныктама берүү:

өкмөт өзүнө жакпаган бардык материалдарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө жол бербөө бийлигине ээ болгонун божомолдоого негиз берет.

БУУнун Генералдык катчысынын 2018-жылдын августундагы докладына ылайык, Кыргызстан жарандык коом «ишмердигине байланыштуу, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун системасы менен өз ара аракеттенишкени үчүн репрессияларга, коркутууларга жана кол салууларга кабылган» өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Жеңишке шанс

«Биз ал чекисттерди жана сотту жазаларыбызга ишенебиз». Төлөйкан Исмаилова

Жогорку соттун чечими укук коргоочуларга ишти кайра кароодо докладдарды экстремисттик адабияттардын тизмесинен алып салышат деген үмүт берет.

«Бул жерде бардыгы адам факторунан да көз каранды. Эгер документтер мигранттарга жана 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу болсо, бул жерде, албетте,  бүгүнкү күн менен кайра карап чыгууга боло турган көптөгөн нюанстар, түшүнүксүз нерселер бар. Менимче, эч кандай экстремизмдин жыты да жок, болгону, айрым адамдар аны ушундай көргүсү келген», — деп эсептейт Артур Медетбеков.

Төлөйкан Исмаилова. Сүрѳт: CABAR.asia

Бул учурда «Бир Дүйнө Кыргызстандын» укук коргоочулары ишти кайра кароого жакшылап даярданып жатышат. Алардын жактоочусу Генералдык прокуратурага ведомство өз миссиясын аткарышы – республикада мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашырышы – үчүн жаңы прокурор бардыгын жасашы керектиги тууралуу кайрылуу даярдоодо.

«Биз өз стратегиябызды жакшылап ойлондук. Бийликтин бардык деңгээлдеринде биздин экспертизаларыбыз жатат. Өнөктөштөрүбүз менен сүйлөштүк, бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Биздин жактоочуларыбыз жана жаңы бийлик мурунку бийликтин каталарын кайталабайт деген ишенимдебиз.  Биз ал чекисттерди жана сотту жазаларыбызга ишенебиз.  Соттор кеңешинин тартип комиссиясына бул маселе боюнча карап бергиле деп кайрылдык», — деп билдирди Төлөйкан Исмаилова.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.