© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан менен Түркиянын өз ара көз карандылыгы, же “Сапат” кимге тиешелүү?

“Сапат” билим берүү мекемелеринин активдеринин түрк фондусуна өтүүсү кыргыз-түрк мамилелеринде тынчсызданууну пайда кылды. Бишкек менен Анкаранын бул маселеде пикири бирдей эмес.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


Сентябрдын баш жагында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камиль Фырат “Сапат” мектептер тармагынын мүлкү жана имараттары келечекте мамлекеттик “Маариф” түрк фондусуна өтө тургандыгын билдирди. Ал мындай пикирин билим берүү мекемелери түрк салык төлөөчүлөрүнүн каражатына жана түрк мамлекетинин колдоосу менен курулуп, жабдылгандыгын аргумент катары келтирди.

Исхак Раззаков атындагы лицей “Сапат” билим берүү тармагына кирет. Сүрөт “Сапаттын” Facebookтогу расмий сайтынан алынды.

Бирок бул маселе Түркиянын элчиси түшүндүрүп жаткандай жөнөкөй эмес. Бул маселеде юридикалык коллизиялар болбой койбойт, ошондуктан аны укуктук жагын эске алуу менен чечүү зарыл деп эсептейт, “Акыл-эстүү чечимдер” аналитикалык борборунун жетекчиси Эсен Усубалиев.

Эсен Усубалиев. Фото: CABAR.asia

“Сапаттын” бардык активдери мыйзамдуу негизде сатылып же ээлик кылууга алынгандыктан, бул жерде проблемалар пайда болушу мүмкүн: юридикалык жана техникалык татаалдыктар. Биз керек болсо Түркияны толугу менен колдоп жана жеке Эрдогандын Гюлен менен болгон күрөшүндө өтүнүчүн канааттандырган күндө да, бардык маселелер укуктук жагынан чечилиши керек. А бул жакта абал абдан кызыктай болуп жатат. Анткени “Сапаттын” активдеринде Кыргызстандын да, Түркиянын жарандары да бар. Алар кандай келишимге келишип, бул маселени чечишет, алдын ала айтууга болбойт. Бирок мен юридикалык татаалдыктарды көрүп турам”, – дейт Усубалиев.

“Сапат” билим берүү тармагы 16 лицейди, “Ала-Тоо” университетин, Silk Road эл аралык мектебин жана үч орто мектепти камтыйт. Жакынкы аралыкка чейин эле ал “Себат” деп аталчу. Бирок өткөн жылы Түркиянын бийлиги Фетхуллах Гюленге тиешелүү уюмдарды жабууну сунуш кылды. Кыргызстан муну аткаруудан баш тартып, бирок билим берүү мекемелерин кайра түзүшүп, негиздөөчүлөрдүн катарына КР Билим берүү жана илим министрлиги кирди.

Азыр “Сапат” менчик формасы аралаш мекеме, ал Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш алып барат. Демек, кайра түзүү же менчикке берүү маселелеринин бардыгы укуктук жагдайдан чечилиши керек. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, “Маарифтин” ишмердигине байланыштуу маселе боюнча биргелешкен жумушчу тобу түзүлүп, ал фонддун ишмердиги боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун иштеп чыгып аны парламенттин кароосуна жөнөтөөрүн бирдирди.

Өз позициясынан кайтпоо

“Сапатка” байланышкан кырдаал эксперттер үчүн да оңой эмес, бирок алар Кыргызстан биринчи кезекте өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо менен өз позициясында туруусу зарылдыгын билдиришти.

Роза Дуйшеева. Фото: CABAR.asia

“Биздин өлкөнүн жетекчилиги бул лицейлер тарабынан буга чейин кандай иштер жасалгандыгын эске алышы керек. Менимче, Кыргызстан буга чейин көптөгөн өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди түзүп келген өлкө катары, өз позициясын кармануусу маанилүү экендигин түшүнүүсү зарыл. Ооба, биз түрк тараптан инвестицияларды алып жатабыз, бирок бул Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына таасирин тийгизбеши керек”, – деп эсептейт саясат таануучу Роза Дүйшеева.

Бирок, “Кыргыз тарых коому” коомунун төрагасы, профессор Тынчтыкбек Чоротегин улуттук кызыкчылыктарды коргой билүүдө Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу мамилелерин унутпашы керектигин, бул аларга эле пайдалуу эмес, Евразиядагы тарыхый коңшуларга да пайдалуу экендигин белгилейт.

Тынчтыкбек Чоротегин. Photo: Facebook personal account

“Менин оюмча, Кыргызстандын саясый истэблишменти өз өлкөсүнүкү менен катар, Анкаранын кыска, тез бышкан саясаты менен алыскы стратегиясын айырмалай алууга кудурети жетет”, – деп эсептейт Чоротегин. Ал эки мамлекеттин тең колу экономикалык мамилелерге салыштырмалуу тарыхый-маданий мамилелерге байлангандыгын да кошумчалады.

2016-жылы Анкара Кыргызстанга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө каражат бергендигин да белгилей кетели.

Бирок экономикалык мамилелердин да орду бар. Эл аралык валюта фондунун жана Бүткүлдүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, өткөн жылдын 9 айында Түркия Кыргызстандын он башкы соода өнөктөштөрүнүн катарына кошулган. Эки мамлекеттин ортосундагы товар алмашуу 250 млн. доллардан ашкан.

Кыргызстандагы түрк бизнеси орто жана майда ишкерлерден туруп, ошондой эле чоң ишканалар жана курулуш компанияларынын анча чоң эмес өкүлчүлүктөрүнөн куралган.

Түркиянын империялык дымагы

Эки өлкөнү мындан башка миграция да байланыштырып турат. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, Түркияда 15 миңдей кыргызстандык иштейт, окуйт. Өлкөлөрдүн эки тараптуу мамилелеринде диний аспект да орчундуу орун ээлейт. Түрк өкмөтүнүн колдоосу менен республикада мечиттер пайда болууда. Жакында эле Бишкекте Борбордук Азиядагы чоң мечиттердин бири болуп калган борбордук мечит ачылды. Ал Осман доорундагы архитектуранын стилинде курулуп, анын курулушуна Анкара 25 млн. доллар бөлгөн. Мечит 6 миң адамды сыйдыра алат, бирок тегерегиндеги намазга чогула турган жерлердеги мусулмандарды эсепке алганда алардын саны 20 миңге чейин жетет.

Бишкектин борбордук мечити. president.kg тарткан сүрөт.

Эксперттер жалпысынан Түркия диний агымдарды мамлекеттик деңгээлде колдоп жатканынан эч кандай проблема көрүшпөйт. Тескерисинче, бул эки өлкөнү байланыштырып турган нерсе. Эсен Усубалиевдин айтымына караганда, Борбордук Азия Анкара үчүн бирден бир маанилүү аймак болуп эсептелет, себеп дегенде Түркия географиялык жактан алганда түрк тектүү эмес өлкөлөр менен курчалып турат.

“Борбордук Азия болбосо Түркия өлкөсү бардык түрк өлкөлөрүнүн башчысы катары өзүнүн империялык дымактарын канааттандыра албайт. Азыр Эрдоган Гюлендин таасирин жокко чыгарууга аракет кылып, пантюркизмден тышкары, ал түрк дүйнөсүнүн мусулмандарынын лидерлеринин бири болууга аракет кылат. Бул анын дымагы, акыркы түрк халифатынын Осман империясы түрүндө болуп келген дымактары. Ошондуктан Борбордук Азия Түркия үчүн анын дымактарын ишке ашырууда абдан маанилүү”, – дейт Усубалиев.

Кыргыз-түрк өз ара мамилелери жөнүндө жалпысынан айтканда алардан кимиси көбүрөөк көз каранды экендигин так аныктоо кыйын. Ушул себептен улам, өлкөлөрдүн ортосунда мезгил-мезгили менен болуп турчу анча-мынча келишпестиктерге эки тарап тең көз жуумп мамиле кылышат.  


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: